// //

Күйөөм менен кошулганда ырахат албайм. Ошон үчүн боюма бүтпөй жатабы?

2021.06.16, 11:09
3258

Баш кошконубузга 4 ай болду. Мен күйөөм менен жыныстык катнаштан ырахат алалбайм. Ал абдан аракет кылат. Анан дагы боюма бүтпөй жатат.Оргазм алалбаганым үчүн, кош бойлуу эмесминби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.06.2021, 11:19

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Жыныстык катнаш башталгандан тарта  ырахат алалган кыздар сейрек кездешет. Бирок сиз буга умтулушуңуз керек, өзүңүздү, денеңизди, каалоолоруңузду, артыкчылыктарыңызды изилдеп, таанып билип, каалоолоруңузду тартынбастан өнөктөшүңүз менен ачык талкуулап, дароо эле жыныстык катнашка өтүп кетпей, сылап-сыйпоо, эркелешүү сыяктуу прелюдияларды жүргүзүшүңөр керек. Ошондой эле, сексологго жана гинекологго кайрылып анатомиялык жана функционалдык өзгөчөлүктөр жокпу билип алган туура болот.

Оргазмдын жоктугу кош бойлуулуктун жоктугунун себеби эмес жана жыныстык жашоо башталгандан тартып 4 айдын ичинде кош бойлуулуктун жоктугу тукумсуздуктун же аномалиянын көрсөткүчү болуп саналбайт. Анткени, балалуу болууга бир жыл мөөнөт берилет. Бул арада боюңузга бүтпөсө, толук экспертиза башталат, жубайлардын экөө тең изилденет. Бирок эч кандай көйгөйлөр жок болгон учурда дагы кош бойлуулукка даярдануу керек, бул үчүн гинекологго кайрылыңыз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт