// //

Турмушка чыкканда этек кир оорубай келип калабы?

2021.06.15, 12:16
1800

Саламатсызбы! Мен 20 жаштамын. Этек кирим келгенде катуу оорутат. Дары ичкенде жакшы болуп калам. Эмне себептен оорутат? Бейтапканага көрүнсөм эч нерсе эмес, турмушка чыкканда жоголуп кетет дешкен. Анан кичине киста бар экенин, жарылышы кыйын болот деген. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.06.2021, 12:20

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокинолог

Саламатсызбы! Гинекологго тезинен көрүнүшүңүз керек. Тилекке каршы, турмушка чыгуу оорутуп келген этек кирге эч кандай таасир бербейт, бир нерсени өзгөртпөйт. Киста боюнча дарылоо жүргүзүп жана динамикада байкоо керек.

Ооруну сездирбөөчү дары-дармектерди этек кир башталаарынан 2-3 күн мурун ичип баштаган туура болот, бул эң жакшы натыйжа берет. Жалпысынан оорутуунун пайда болушунун себебин билип, ошонун негизинде дарылоо сунушталат.

Нормада этек кир оорутуп келбейт. Оорутуп жатабы, демек, бир көйгөй бар. Аны таап, жок кылуу керек. Бул нерсе гинекологдун жардамысыз болбойт.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт