// //

Сүйлөшкөн кызым турмушка чыкса деле мага жазып жатат. Эмне кылсам болот?

2021.06.15, 11:31
2713

Саламатсызбы! Мен 20 жаштамын. Бир окуя болду. Сиздерден кеңеш күтөм. Бул нерсе баарынын эле башынан өтсө керек. 05.12.2020 датасында сүйлөшкөн кызым турмушка чыгып кетти. Эжеси мажбурлап, өзү машинага салып бериптир. Анткени анын эжеси менин кошунам эле. Көрсө сиңдиси менен кошуна болгусу келбептир, уялат экен. Ортодон алты ай өтсө дагы кыз мага жазып турат. "Жазба, ызы-чуу болуп кетет " десем укпайт. Мен аны дагы деле жакшы көрөм. Айла жок бактылуу болушун каалайм. Эртең ажырашып кетпесе экен дейм, корком. Мага жазганын билип калса күйөөсү ажырашып кетпесе экен дейм. Айтсам укпайт. Эмне кыларымды билбей жатам. Эртең ачыкка чыкса баарына мен жаман көрүнөм. Силерден кеңеш күтөм. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.06.2021, 11:41

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Мындай болгону абдан өкүнүчтүү, сиз үчүн кайгырып турам.

Мындан алты ай мурун сүйлөшкөн кызыңыз тандоо жасап турмушка чыкты. Ооба, ал эжесинин кысымы астында макул болгон. Бирок, эжесинин мажбурлоосу менен болсо дагы, бул анын тандоосу эле, жоопкерчилик өзүндө калат.

Ал кызга болгон сезимдериңизге карабастан, күйөөсүнүн ызы-чуусунан коркуп жатканыңызды ачык жазыпсыз. Эмне кылууну билбесеңиз, өзүңүзгө суроо бериңиз: Уруш-талашка жана эч нерсеге карабастан ага үйлөнөүүгө даярсызбы? Эгер жообуңуз "ооба" болсо, анда жазышууну улантып, бул тандооңуздун ар кандай кесепеттерине даяр болуңуз.

Менин жеке оюм боюнча, ал буга чейин экөөңөрдүн мамилеңердин пайдасына эмес чечим кабыл алган. Эгерде чатак чыгып, жолдошу кат жазышууңар жөнүндө билип калса, анда ал экинчи жолу дагы сизди тандабай коюушу мүмкүн. Аны менен болгон маектешүүнү токтотууну сунуштайт элем.

Жүрөгүңүздү жана акылыңызды угуп, оң жана терс жактарын таразалап, тандоо жасаңыз.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт