// //

Жеңем группалашымды байкеме келген кыз экен деп салаттарын көтөрүп кетиптир

2021.06.14, 16:10
10150

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

1-курсту бүтүп жайкы каникулда аталаш байкемдин үйүнө жардамдашканы баргам. Өздөрүнүн чакан азык-түлүк саткан дүкөнү бар. Жеңемдин иштери чыгып калган күндөрү балдарга баш-көз болуп дүкөндү карап калам.

Бир күнү жеңем балдарын алып төркүнүнө кетти. Байкемдин Бишкекте жумуштары чыгып шаарга сапар алды. Учурдан пайдаланып жакын группалаштарымды көлгө эс алып кетүүгө конокко чакырдым. Группалаш эки кызым келди. Коноктодум, көлгө түштүк, кургак кесме жасап жедик.

Эртеси бирөөсүн ээрчитип алып дүкөнгө келдим. Бирөөсү үйдө уктап калган. Түшкө жакын дүкөндү жаап коюп, үйгө келсек уктап жаткан курбум жок. Телефон чалсак шашылыш шаарга кетип калганын айтты. Берки курбумду вокзалга барып салып коюп үйгө келдим.

Байкемдер келгиче үйлөрдү жыйнай баштадым. Эмнегедир жеңемдин шкафы ачык, косметикалары жок. Кухняга келсем жеңемдин жактырган кымбат тефалынан дайын жок. Ойлорума көп нерселер келди. Акырын үйлөрдү жыйнаштырып койдум.

Кечке маал байкем шаардан келди. Тамак жасаганга жетишпей калганым үчүн салат ачайын деп складга кирсем салаттардын теңинен көбү жок. Курбу кызыма чалдым.

- Кандай жетип алдың? Сен уктап жатканда үйгө бирөө келген эмес беле?

- Бирөө калдыратып эле басып жүргөн. Аа эмне болду?

- Эч нерсе, жөн эле сурадым.

Ууру кирген окшойт. Эми жеңеме, байкеме эмне дейм? Жеңеме чалдым.

- Кандайсыз? Жеңе бүгүн үйгө келдиңиз беле?

- Ооба, эмне болду? Жактырбагансып жооп берди.

- Тиги курбуларымды конокко чакыргам, үйдөгү кээ бир оокаттар жок болуп жатат. Сиздин да косметикалар…

- Ахха-ха эмне сенин курбуң беле?

- Ооба, эмнеге күлөсүз?

- Мен аны байкең алып келген го десе.

- Жеңе байкем шаарга кеткенин айткан эмес беле?

Көрсө биз дүкөндө жүргөндө жеңем үйгө келиптир. Келсе эле берки курбум уктап жаткан болот. Байкеме анча-мынча таарынып төркүнүнө кеткен жеңемдин оюна башка нерселер келет. Анан жинденип керектүү оокаттарын чогултуп кайра кетип калыптыр.

Эртеси жеңем келди, шашпай кайра башынан айтып бердим. Кечинде тамакка олтурганда байкеме дагы айттык.

- Биз барда деле чакырсаң болмок да группалаштарыңды. Аз жерден аялы жок калтыра жаздадың. Мага ишенбейсиңби ыя байбиче?

- Эми үйгө келсем чоочун кыз жатса, оюма эмне келмек эле.

Каткырып күлүп эле тамактандык. Өөх, аягы жакшы болгонуна сүйүндүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт