// //

Жигитимдин бул сөздөрүнөн кийин мага ата да болоорун сездим

2021.06.11, 17:32
4509

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурман айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Турмушка 24 жашымда чыктым. Чынын айтсам күйөөм мындай болушу керек, андай болушу керек деп деле кыялданчу эмесмин.  Анткени атасыз өскөм. 

Апам жумуштан калган убактысында гана мага көңүл буруп, тарбиясын берчү. Апама нааразы эмесмин, анткени өзүн эмес мени биринчи орунга койгон. 

Бир жолу көчөдөгү кыздар мени “торпок кулак” деп шылдыңдашты. Анткени менин кулагымда сөйкө жок. Апама ыйлап келдим. 

- Кызым, берекем, сен акылдуу кызсың да, ыйлаба болду. Ошол сөзгө да ыйлайбы? Эртең экөөбүз базарга барабыз, сага сонун сөйкө алабыз. 

- Анан... 

- Анан өйдөкү көчөдөгү Майрам эжеге барып кулагыңды тештиребиз. Макулбу? Ыйлабайсыңбы? 

Ушул сөз үчүн апамдын жүрөгүн оорутканыма азыр өкүнгөнсүп кетем, бала болчумун. 

Апам атасы бар башка балдардан кем кылбаса да, тең кылып өстүрдү. Бул үчүн аябай ыраазымын. 

Айтайын дегеним башка. Жигит жандоо мен үчүн максат эмес болчу. Анткени жигиттин, күйөөнүн кандай болушу керектигин билчү эмесмин. 

Жатаканада чогуу жашаган кыздардын эки сөзүнүн бири эле “Аскат сени сүйүп калган окшойт” болуп калды.  Аскат бизден эки курс өйдө окуган, сымбаттуу жигит. Группалаштарым аркылуу сөз айтып жүрдү. Мага жагып турса да макул болгондон коркуп, маани берген жокмун. 

Окуумду бүткөндөн кийин жумуш издеп фейсбукка пост чыгардым. Туура он мүнөттөн кийин кат келди. Ачсам ден соолугумду сурап, жумуш табышууга жардам берерин айтып Аскат жазыптыр. Сүйүнүп кеттим. Жумушум болуп калса апамды кыйнабайт болчумун да. 

Ошентип Аскат иштеген ишкананын бухгалтеринин жардамчысы болуп иштей баштадым. Убакыт өтө берди. Аскат жардамын берип, билгенин үйрөтүп жүрдү.

Туулган күнүмдө шаша жумушка келсем столумда чоң букет роза анан кат туруптур. Кызык ким болду экен? Катты ачтым.  

“Сени көргөн күндөн бери оюмдасың. Көзүмө сенден бөлөк адам көрүнбөйт. Ар бир кадамыңды карап олтургандан тажабайм. Сени канчалык сүйөөрүмдү ченегенге дагы мүмкүн эмес. Менден эмне себептен качып жүргөнүңдүн себебин кийин курбуларыңдан уктум. Ыңгайсыздык жараткан болсом кечирип койчу. Айым сен үчүн камкор жигит, сүйүктүү жар болууга даярмын. Атадай мээрим төккөнгө дагы даярмын.  Албетте мунун баары сенин макулдугуң менен болот.”

Аскаттын сөзүнө туруп келе жатканына быйыл сегиз жыл болот. Ата мээримин көрбөсөм да жолдошумдун сүйүүсүнө, мээримине балкып жашап жатам. Көз тийбесин.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт