// //

Венгриядагы ири компанияда иштеген Санжарбек Мавляновдон бүтүрүүчүлөргө кеңеш

2021.06.11, 17:10
1781

Венгриядагы General Electric компаниясынын жетектөөчү финансисти Санжарбек Мавлянов Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин  бүтүрүүчүсү. Санжарбек билимге болгон умтулуусу менен чоң ийгиликтерди багынта алды. Bilesinbi.kg сайтына кызыктуу маек куруп берип, абитуренттерге кеңештери менен бөлүшө кетти. 

Максатыңарга жараша университет тандагыла

Алгач ким болгуңар келет, аныктап алгыла. Кээде так билбей, көпкө ойлонушуңар мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш. Айталы, мен кичинемде космонавт болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө химия сабагына кызыгуум күчөп, дарыгер болсомбу дей баштадым. Бара-бара англис тилинде билим алып, чет жакка чыгууну максат кылдым. Жыйынтыгында ушул каалоолорума жараша университеттерди тизмектеп жазып чыктым. Мисалы, "Ала-Тоо", АУЦА, медициналык академия, "Манас" ж.б. Жакшылап отуруп ойлондум. Акырында Эл аралык "Ала-Тоо" университетин тандадым. 

Коркууларыңарга багынып бербегиле 

Эл аралык "Ала-Тоо" университетине тапшырып бюджетке өттүм. Сентябрда сабак башталганга чейин эми кандай болот деп ар кандай ойлор келди. Бюджетте окуп жүрүп, сабактарынан жетиштүү упай алалбай контрактка түшүп калгандар болору тууралуу уккам. Мен дагы алардын катарын толуктап калсамчы деп корктум. Анткени, менде контракт төлөп окуганга мүмкүнчүлүк жок эле. Канчалык корккон сайын жаман ойлор келе берди. Ошондо өзүмдү "стоп" деп токтоттум дагы колго алдым. Күчүмө ишендим, кандай гана болбосун, эч нерсеге карабастан аракет кылам дедим. Бул эң туура чечим болду. 

Аракет кылганды токтотпогула

Эл аралык "Ала-Тоо" университети   илимге болгон кызыгуумду арттырды. Бул үчүн, кызыктуу өткөн студенттик күндөрүм үчүн, чет өлкөгө чыгып чоң-чоң конференцияларга катышууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн, мыкты досторду тапканым үчүн чоң рахмат айткым келет. Албетте, баары өзүмдөн көз каранды болду. Университет силерге мүмкүнчүлүк берет, аны пайдаланып, андан ары изденип, аракет кылып алып кетүү өзүңөрдөн. 

Изилденгиле

Университет тандап жатканда келечекте кайсы кесиптер актуалдуу боло турганын карап чыккыла. Бирөөлөр юристке тапшырса, силер дагы ойлонбостон аларды туурап тапшырып койбогула. 10 жылдан кийин кайсы адистиктер эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болот изилдеп чыккыла. Анткени, силер 10 жылдын ичинде университетти бүтүп, бир чөйрөдө кесипкөй адис болуп калышыңар керек. 

Эч качан өзүңөргө чектөө койбогула

Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Аларды пайдаланып калганга жетишкиле. Тил үйрөнгүлө. Университетте окуп жүргөндө сабактар менен гана чектелбестен, практика өткүлө, стажировкаларга баргыла, изилдөө жүргүзгүлө, болушунча эмгек рыногуна өзүңөрдү даярдагыла. Ар тараптуу болгула, кенен ой жүгүрткүлө. 

Кененирээк маалыматты бул жерден алсаңыз болот:⠀

@alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg @alatoo.edu.kg

?0555 820000 (W/App),
?info@alatoo.edu.kg,
?www.alatoo.edu.kg

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт