// //

Кыздыкты жоготуп алуу боюнча 6 миф

2021.06.11, 12:16
3826

Кыздыкка байланыштуу мифтер ушунчалык көп дейсиңер, алардын арасынан туура маалыматты табуу кыйын. Bilesinbi.kg чындыгында кандай болорун акушер-гинеколог Раушан Джумагуловадан сурап көрдү.

1-МИФ. Кыздар тампон колдонбошу керек

ЧЫНДЫК. Учурда тампондордун түрлөрү көп. Анын ичинде жаш кыздар үчүн дагы бар. Мындай карасаң, тампон колдонуу кыздыкка доо кетирбейт деле. Кыздык челде тешик бар, ал жетиштүү эле чоң. Ал эми тампондордун диаметри кичинекей. Менин оюмча, тампонду туура колдонгонду жана өлчөмүн тандаганды үйрөнүп алуу керек. Эгер эрежелерин билбесеңер, тим эле койгула.

2-МИФ. Ат минсе кыздык белги түшүп калат

ЧЫНДЫК. Ат минсе кыздык белгип түшүп калат деген калп. Кыздардын ат миниши алардын кыздык белгисине эч кандай таасирин тийгизбейт.

3-МИФ. Кыздар гинекологго барбашы керек

ЧЫНДЫК. Даттануулар болсо, чыдап жүрө бербей сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек. Гинеколог эч нерсеге зыян келтирбейт. Ал кыздардан кантип мазок алуу керек экенин билет. Гинеколог кыздык белгиге доо кетирет деген чоң жаңылыштык.

4-МИФ. Спорт менен машыкса кыздык түшүп калат

ЧЫНДЫК. Бул дагы туура эмес пикир. Спорт менен машыкканда кыздык белгинин ийкемдүүлүгү жогорулашы мүмкүн, бирок кыздык түшүп калат деп айтуу болбойт. Кыскасы, спорт учурунда дефлорация (кыздыктын бүтүндүгүнүн бузулушу)  болбойт.

5-МИФ. Мастурбация кылса кыздык белги түшүп калат

ЧЫНДЫК. Кыздыктын бүтүндүгүн бузушу мүмкүн болчу кындын ичине кирген нерселер колдонулбаса, мастурбациядан кыздыкты жоготуу сейрек кездешет.

6-МИФ. Велосипед көп тепсе кыздык түшүп калат

ЧЫНДЫК. Бир нерсеге катуу урунганда же жыгылганда жыныс органдары жаракат алып, кыздыкка доо кетиши мүмкүн. Ал эми велосипед тээп же спорттун ар кандай түрлөрү менен алектенип жатканда кыздыкты жоготуу мүмкүн эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт