Сиз билбеген чач түшүүнүн 5 себеби
Бир суткада 100 даанага чейин чач түшсө норма болуп саналат. Бирок өтө эле суюлуп, аралары көрүнө баштасачы? Мындай учурда жашоо образыңызды жана тамактанууңузду кайрадан карап чыгып, кесипкөй адиске кайрылууңуз керек. Эндокринолог Чолпон Муратова чач түшүүнүн себептерин санап берди.
Тукум куучулук
Чачтын түшүшүнө тукум куучулук себеп болот. Ген атадан жана энеден тукум кууп өтүшү мүмкүн. Эгерде экөөндө тең байкалган болсо, анда сиздин дагы чачыңыз түшөт деген мүмкүнчүлүк жогорулайт. Баса, байкоолорго караганда, бул нерсе көбүнчө эркек кишилерде болот.
Калкан безинин көйгөйлөрү
Калкан безинин гормондорунун жетишсиздиги (гипотиреоз) чачка терс таасирин тийгизет жана аны түшүрөт. Бул көйгөй барбы же жокпу так билүү үчүн кан анализдерин тапшыруу керек. Жыйынтыгына жараша дарыгер гормоналдык дары жазып берет. Ал дары безди нормалдаштырып, жагымсыз симптомдорду кетирет.
Алопеция
Алопеция баштын терисиндеги бир же бир нече майда тегерек тактардан пайда болуусунан башталат. Оору күчөп кетсе чачтын толук түшүшүнө алып келиши мүмкүн. Оорунун себеби азырынча белгисиз, генетика, стресс жана ар кандай оорулар таасир берет деп гана айта алабыз.
Туура эмес диета кармоо
Кыска убакыттын ичинде көп салмак таштоо организмге чоң жүк болуп, иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет. Эң өкүнүчтүүсү чачтын түшүшүнүн себебине айланат. Андыктан, диетага туура отуруу керек. Ошондой эле, толук кандуу тамактанып, витаминдерди ичүү сунушталат.
Стресс
Стресс чачтын түшүшүнө алып келиши мүмкүн, анткени ал баштын кан айлануусуна таасир этет. Көп кабатыр боло бербей, жакшы эс алуу жөнүндө унутш керек. Көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү мүмкүн болбосо, психологго кайрылыңыз.
Аз кандуулук, ферритиндин төмөндүгү, белоктордун жана Омега 3 майынын тамак-ашта жетишсиздиги, төрөгөндө жана эмчек эмизген учурда (прогестерон гормонунун жетишсиздиги) дагы чач түшүшү мүмкүн. Кыскасы, себептери өтө көп. Дарылоодо эң негизгиси чач түшүүнүн себептерин табуу зарыл.