// //

Аялынын жумушуна күн сайын тамак жасап келген күйөөнүн жообу таң калтырды

2021.06.08, 17:52
9365

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Тойлордо берилчү көк Айген пакетти көтөрүп алат. Ичинде кездеме дасторкон. Тамак муздап калбасын деп кабаттап ороп койгон. Саат 12лерге жакын кабинетибиздин терезесине кичинекей таш келип тиет. Коллегам шап тура калып сыртты көздөй жөнөйт. Ал чыгып кеткенден кийин терезеге барып карайм. Экөө скамейкада күлүп тамак жеп отурушкан болот. Мынча сонун.

Эженин жашы кырктарга жакындап калган. Ал теңдүү туугандарым мынчалык бактылуу эмес. Жамандык-жакшылыкта чогулуп калсак, жашоолоруна даттанып, күйөөлөрүнө нааразы болушат. “Сүйүү кийин кетип калат, бир жакшы сөз айтканына ыраазы болуп жашай бересиң” дешип, ар нерсени сүйлөшөт. Ушул убакка чейин, ошондой болушу керек экен деп, аларга ишенип жүргөм. Көрсө, алар жалган сүйлөптүр.

Бул жерге практика өткөнү келгем. Жетекчим кылып ушул эжени дайындашканына абдан сүйүндүм. Мага жумушуа гана керектүү нерсени эмес, жашоомо дагы пайдалуу салым кошту.

- Эже, күйөөңүз иштейби?

- Ооба, иштейт. Эмнеге антип сурадың?

- Тиги, неме...

- А түшүндүм, тамак алып келгенин айтып жатасыңбы?

- Ооба, ооба...

- Тиги көчөнүн боюндагы заводдо слесарь. Түштөнүүгө үйлөрүнө жиберишет. Балдар чоңоюп кеткен. Өзү жалгыз тамак ичпейт. Бир нерселерди жасап алып мага келет. 

- Зерикпейби? Күн сайын ошентет дейм да.

- Аны өзүнөн сурап көр. Азыр келе турган убактысы болуп калды.

Көп өтпөй терезеге таш келип тийди. Эже жымыңдап сыртка чыгып кетти. Карасам күйөөсү дагы бир нерселерди көтөрүп келиптир. Алманы кесип, кашыкты аарчып аялына берди. Ошол убакта терезеден башымды чыгарып, “байке, кечиресиз, сурбасам болбойт, күн сайын ушинтип тамак ташыгандан зерикпейсизби” дедим.  Байке жаныма келип, колундагы алманы мага берип “сүйгөнүнө тамак ташыгандан эч ким зерикпейт” деп жылмайды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт