// //

Эркек төрөбөгөнү үчүн кетирген эжемдин кайын энеси жалдырап келди

2021.06.07, 16:54
6751

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Демейде, колундагы алтын шакектерин көргөзө сүйлөгөн, керсейген, көпчүлүктү теңине албаган, доллар деп сүйлөгөн аял эле. Башында эле жаккан эмес. Эжем түнкүсүн эки кызын жетелеп келгенде таптакыр эле жек көрүп калдым.

Эртеси атама чалып “кызыңар уулума эркек төрөп бере албайт экен, ошон үчүн кетирдим” деди. Атам эжеме кабатыр болуп жүрөгү кармап жатып калды. Адамды сыйлоо эмне экенин билбеген неме экен. Мен болсо жээндеримди ээрчитип алып көчөдө ойнотуп жүрө берем. Үйдө ыйлап жаткан апасын көрбөсүн, психикалары бузулбасын деген эле оюм. Досторум “бала карап калыпсың, үйлөнөйүн деп жатасыңбы” дешет. Окуянын чоо жайын айтып берсем, кечирим сурашып, жээндериме балмуздак алып беришет.

Жездем апасынын сөзүнө чыга албайт. Кайда бар десе ошол жакка барат, кайда бас десе, ошол жакка басат. Ак көңүл, бирок аябай жоош.

Күндөр өтө берди. Эжем өзүнө келип жумуш издей баштады. Атам сакайды. Апам экөө неберелерин кезеги менен эрмектеп отурушат. Мен мурда сабактан чыгып алып көчөлөп жүрө берчү элем. Эми мотурайган экөө үчүн үйгө тез барганга шашам. “Бабем” келди деп чуркап чыгышат. “Байкем” деп айтканга тилдери келе элек.

Убакыт өтө берди. Эжемдин жарасы айыкты. Эжем тың жана мага караганда акылдуу. Жумушунан көтөрүлүп, чет өлкөгө иштегени чакырылды. Кыздарын алып бир айдан кийин учуп кетмей болду. Эки жөжөмдү сагынам го эми. Туугандарды чакырып бата алдык.

Баарыбыз сыртта тамактанып отурганбыз. Дарбаза тыкылдап калды. Ачсам эжемдин кайын энеси экен. Жүдөп калыптыр. Жок, колундагы алтындары баары ордунда. Болгону көз карашы башкача, мурдагыдай курч эмес. Үйгө киришин айттым.

Тапчанга келип отурду. Апам чай куюп берди. Атам тамак салып берди. Неберелерин өзүнө чакырды эле, экөө тең качып атамды кучакташты. Кудагый өкүнө эрдин тиштеди.

“Сенин кетериңди угуп келдим. Уулум ичип кетти. Сен кеткенден бери үйгө түнөбөй калды. Кыздарыңды көрүп кел десем дагы болбойт. Беттерин кантип карайм дейт. Акыркы күндөрү көп ичип калды. Мени күнөөлөйт. Сени көп эстейт. Кечирип кой. Күнөөлүмүн. Үйгө кайтып кел. Мен туура эмес кылдым. Неберелеримди сагындым.” Эжем “сизди кечирдим” деди дагы туруп кетти. Кудагый башын жерге салган боюнча жөнөп кетти.

Эжем кайтып барбаса экен деп тилендим. Эмнеге экенин өзүм деле билбейм. Кечинде бөлмөсүнүн жанына өтүп баратсам чемодандарын салыштырып жатыптыр. Тилегим ишке ашпай калды дедим.

Эртең менен атам ойготту: “Эжеңди кыздары менен аэропортко салып кел. ”Экөөбүз машинада үнсүз бараттык. Бир маалда эжем “мени кайтып барат дедиң э” деди. Жылмайдым. “Өткөнгө кайра барбайм. Аларды кечирдим. Бирок, кайра босоголорун аттабайм. Кыздарымдын келечеги үчүн баарын башынан баштайм. Буйруса чет өлкөдө окушат. Бул мүмкүнчүлүктү өткөн чак үчүн кое бербейм.” Артта уктап бараткан экөөнү карап күлүп койду. Өх, тилегим орундалыптыр.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт