// //

Ич кийим жөнүндө сурагандан уялган суроолорго жооп

2021.06.07, 10:17
4525

Ич кийимди күн сайын которуу керекпи? Тыкыс трусик кийсе эмне болот? Деги эле кийбей баш тартсам болобу? Bilesinbi.kg уролог жана гинекологдор менен байланышып, ич кийимге тийиштүү популярдуу суроолорго жооп тапты.

Трусикти бир нече күн алмаштырбай жүрө берсе эмне болот?

Тилекке каршы, көпчүлүк ушундай кылат. Бул туура эмес. Нымдуулук бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзүп берген чөйрө. Тердегенден кийин же “выделение” келген соң, абал андан бетер курчуйт. Бактериялар бар жерде жыныстык инфекциялар толтура. Демек, ич кийимиңизди бир нече күн которбой кийип жүрө берсеңиз, ден соолугуңуз үчүн кооптуу.

Убагында жуулбаган ич кийим – сезгенүүгө, кычышууга, ачышууга алып келет. Мүмкүн болушунча ич кийимди күн сайын алмаштырып туруу керек. Ал эми спорт менен машыккандан кийин дароо которууну сунуштайбыз. Тердеген ич кийимди бактериялар жакшы көрүшөт.

Баса, жуугандан эринип, трусигин тескерисинен кылып кийип алгандар дагы жок эмес. Бул бактериялардан баары бир сактабайт.

Тыкыс ич кийим кийсе эмне болот?

Өзүңүздүн өлчөмүңүздөгү трусик кийиңиз. Ошондо инфекцияларга жана бүдүрчөлөр чыгып кетүү коркунучуна туш болбойсуз. Мындан тышкары, туура өлчөмдөгү ич кийимди кийүү миң эсе ыңгайлуу.

Балдар үчүн парашют трусиктер ылайыктуу, бош жана жумурткалар үчүн атайын тигилген жери бар. Бул абдан маанилүү, жумуртканын температурасы дененин температурасынан беш градуска төмөн болушу керек. Ошондо гана ал жерде нормалдуу сперматазоиддер өсөт. Ал эми тыкыс кийгенде жумурткалардын температурасы көтөрүлүп, өз функциясын нормалдуу аткарбай калышы мүмкүн.

Стрингилерден да баш тартып койгон туура болот. Анткени ал өйдө-ылдый көтөрүлүп, аналдык тешик жактагы инфекцияларды жыныс кынына алып келет.

Сөзсүз ич кийимдин кездемесине маани берүү керекпи?

Албетте, жука, дем алуучу жана кебез кездемелерден тигилген ич кийимдерди тандап, териге өтө тыкыс болгон моделдерден алыс болуңуз. Синтетикалык ич кийимдер жыныс органдарынын кандидозуна чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Синтетикалык материалдардан жасалган ич кийимдер аялдарда жыныстык кандидоз (молочница) пайда болуу коркунучун жогорулатат. Ал эми эркектерде сезгенүүнүн жана кычыштыруунун, жагымсыз жыттын булагы болушу мүмкүн.

Синтетикалык кездемелер дээрлик аба өткөрбөйт, нымды сиңирбейт. Жылуу жана нымдуу чөйрө бактериялардын көбөйүшүнө эң сонун чөйрө.

Трусик кийбей эле койсо болобу?

Ич кийимдин кийбей койсо эмне болорун тастыктаган илимий изилдөөлөр жок. Эгер андан баш тартууну каалагандар болсо, гигиена эрежелерин жакшылап сакташы керек. Мисалы, шым кийсе, аны бат-баттан жууп туруш керек. Болбосо, инфекциялар топтолуп, сезгенүүнү пайда кылат.

Тыкыс эмес, бош кийимдерди кийип, тигилишине жакшылап көңүл буруу сунушталат, сүрүлүү болбошу зарыл. Кыскасы, ич кийим менен жүрөсүзбү же жокпу өзүңүз чечесиз, бирок гигиенаны жана ич кийимсиз жүрүү бактериялардын кирип кетүү тобокелдигин жогорулатарын эскерте кетели.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт