// //

Кайын энем небере карагысы келбей турганын айтып ыйлады

2021.06.06, 10:12
9222

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Түн. Дааратканага баргым келип ойгондум. Туруп баратсам күйөөм “коркпойсуңбу” деди. Жок десем, бир “ужас” кинону эстетип, күлүп артын карап жатып алды. Ушул эле жетишпей жатты эле.

Сыртка чыктым. Ай башкача жарык. Сарай жак капкараңгы. Терең дем алсам деле тиги кинодогу “ужас” оюма келе берди. Көздү катуу жумуп, эч нерсени карабай жөнөдүм. Сарайга жеткенде ыйлаган үн угулду. Катып калдым. Коркутум, бирок баары бир кызык болду. Башымды созуп карасам кайын энем отурат.

Кайын энем ак көңүл киши. Эч кимди капа кылбайт. Акырын сүйлөп басып жүргөн адам. Көпчүлүк анын бул сапатынан пайдаланышат. Аларды байкап калсам ачууланам. Кээде уруша дагы кетем. Беш баланын апасы. Бешөө тең үйлөнүп-жайланган. Мен кичүү келинимин. Келгениме жарым жыл боло элек.

- Апа, сизби?

- Аа, Жижи (мени ушинтип эркелетет, өзүмдүн атым Жылдыз), сенби?

- Эмне бул жерде отурасыз.

- Жөн эле, кой үйгө кирейин.

- Апа, мага айта бериңиз, эч кимге айтпайм.

Бир саамга унчукпай турду. Кайра ордуна барып отурду.

- Неберелеримди жакшы көрөм. Чынын айтканда балдарыма караганда көбүрөөк жакшы көрөм. Бирок, аларды бакканга алым жок. Ушунча жыл балдарымдын түйшүгү менен жүрдүм. Алар чоңойгондон кийин бир аз да болсо эс алам деп ойлогом. Андай болбоду. Кызым төрөп, “апа, мына караңыз”, уулумдарым балалуу болуп “апа, мына караңыз” деп балдарын алып келип таштап коюшат. Эң өкүнүчтүүсү мен каалаймбы же жокпу сурашпайт. Оюмду билишпейт. Мени алардын балдарын карап берүүгө милдеттүү катары көрүшөт. Карасам дагы ыраазы болушпайт, жактырышпайт. Өз балдарын өздөрү карагандан качышат. Баланын баладай түйшүгү болот. Ар бир ата-эне муну өз жон териси менен сезе билиши керек. Аттиң... А мен неберелеримди ээрчитип алып балмуздак алып берип, базарга алып барып кийим алып берип, үйгө келсе эркелетип гана убакыт өткөргүм келет. Аз калган өмүрүмдө жайбаракат эс алып жашагым келет. Мени эч ким түшүнбөйт. Карай албайм десем таарынышат. Анан алардын көңүлүн кыйбаш үчүн...

Ыйлап жиберди. Кечээ кайын эжем апама чалып үч баласын таштап кетерин айтып жаткан. Ачуум келди.

Кайын энемдин жанына отуруп кучактасам токтобой ыйлап кирди. Кичинекей кемпирди мынча капалантышты. “Апа, мындан ары өзүңүз каалагандай жашайсыз, “отвечаю”” десем, жылмайды. Экөөбүз үйгө барып ордубузга жаттык. Баса, дааратканага баргым келгенин унутуп деле коюпмун.

Кайын энем эч кимге айтпай эле кой деген. Бирок, бул туурабы же жокпу билбейм, группа ачып туруп болгонун болгондой жазып салдым. Аягында “апама, тийбегиле, силерге керек эмес болсо, мага керек” дедим. Баары окушту. Бир дагы унчуккан жок. Көп өтпөй төрт баласы үйгө келип калыптыр. “Апа, бул жолдомо биздин атыбыздан, эс алганга убактыңыз келди” дешсе болобу. Сүйүнгөнүмдөн кайын энемди кучактап жибердим. Кайын энем башкача жылмайды. Чогуу отуруп чай ичтик. Балдарын узатып жатып неберелерине деп катып койгон конфеттерин берди. Жанымда кайын эжем турган. Мени карап акырын “рахмат сага” деп  койду.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт