// //

Тиштин саргарып кетүүсүнүн себептери

2019.01.30, 20:49
3072

Тиш - таза, аппакай, күрүчтөй тизилип турса адамды көрккө бөлөп турат. Бирок “бир күндө эки ирээт тишиңди жуу, тиш щеткасын үч айда бир алмаштырып тур” деген шарттарды аткарбай көйгөйгө кабылгандар аз эмес. Стоматолог Рысбек Бекишов тиштин саргарып кетүүсүнүн себептерин айтып берет.

Тиштин саргарып кетүүсүнүн себептери:

  • Генетика. Тиштин эмалына жана мүлкүнө доо кетирген оорулар бар. Оору тиштин саргарып кетүүсүнө алып келет. Мындай учурда тиштин саргарышы ата-энеден баласына өтөт. Бул учурда тишти агартып коюу мүмкүн эмес
  • Чылым чегүү. Тиштин бузулушуна жана саргарып кетишине чылым чегүү өтө чоң таасирин берет. Себеби тамекинин курамындагы никотин тиштин сырткы эмалына жабышып терең сиңишип кетет. Чылымдан топтолгон чайырды кетирүүгө тиш пастасынын күчү жетпейт.
  • Курамында кант бар азык. Бир күндө бир нече курамында кант бар тамак-аштарды жесеңиз тишиңиздеги сары түз күчүнө кирет.
  • Суусундук. Кофе, пепси, кока-кола, коюу демделген чайлар тишти өчпөй турган сары же күрөң түскө боёчу каражаттардын катарын толуктайт.
  • Жаш курак. Жаш өткөн сайын тиштин эмалдары жукарат. Эгерде чылым тартпасаңыз, таттууларды аз өлчөмдө колдонсоңуз саргарган тиштерге эрте жашта эле ээ болуп калбайсыз.

Ден соолукта болуңуз! 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт