// //

Эркектерди тукумсуздукка чалдыктырган 5 себеп

2021.06.04, 09:31
3196

Спермага терс таасир тийгизген факторлор көп. Жаман адаттар, туура эмес тамактануу, стресс, экология, дары-дармектер - мунун бардыгы эркектин балалуу болуу жөндөмүн артка тартат.

Сергек жашоо образын жүргүзгөн, төшөктө эч кандай көйгөй жок деген мырзалар дагы сүйүнгөнгө шашпай турушу керек. Анткени, сыртынан баары жакшы болгону менен, көйгөй тереңде жатышы мүмкүн.  

Медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-уролог Нурбек Монолов эркектерди тукумсуздукка жеткирген айрым себептер тууралуу айтып берди.

1. Пластмасса

Бүгүнкү күнү айланабыздын баарын пластмасса өндүрүмдөрү каптады. Ошол эле күнүмдүк колдонгон идиш-аяктарыбыз, ичкен суубуздун түтүктөрү, жаш балдардын упчулары, бөтөлкөлөрү баары бул заттан жасалат. Сыртынан байкалбаганы менен, спермага олуттуу зыян келтирет.

Урук анализин карасак баары жакшы болушу мүмкүн: сапаты, көлөмү, кыймылы. Бирок, балалуу боло албайт.

Себеби ар бир спермада ДНК спиралы болот. Пластмассаны көп колдонуунун натыйжасында, ДНК спиралынын бир жеринде көйгөй жаралып, мисалы, сынып калат. Жыйынтыгында, ал энелик клетканы көрө албайт. Ал эми балалуу болуш үчүн көрүп, ичине кириши керек. Урук ошол функцияларын жоготуп коет.  

2. Кийим-кече

Бизде жаш балдарды кийинтүүдө көйгөй бар. Үшүп калат деп кабаттап жылуу шымдарды кийгизип коюшат. Аба өткөрбөгөн памперсти дагы бир күн кечке чейпей жүрүшөт. Нормада жумуртканын температурасы дененикинен бир градуска төмөн болуп турушу керек, ошондо алар жакшы өрчүйт. Тыкыс джинсылар, синтетика ич кийимдер дагы тукумсуздуктун бирден бир себеби.

3. Тамак-аш

Фаст-фуд, газдалган суусундуктар, деги эле химиялык кошулмаларды камтыган тамак-аш тукумуздуктун себепчиси. Баланы кичинесинен баштап туура тамактанганга үйрөтүү зарыл. Эмчектен чыгарып кошумча тамактандырууга өткөргөндө эле зыяндуу кошулмалары бар тамактарды бере башташат. Сөзсүз курамын караш керек, болбосо спермага терс таасирин тийгизет. Ооба, анализ жыйынтыгы баары жакшы чыгышы мүмкүн, бирок балалуу боло албайт. Ушул эле жерге зыяндуу адаттарды кошо кетүү зарыл: ичимдик, чылым, спорт менен машыкпоо, көпкө отуруп иштөө ж.б.

4. Ата-эненин жоопкерчиликсиз мамилеси

Ата-энеси түздөн-түз күнөөлүү. Эркек бала төрөлөрү менен жыныс органдарын караш керек. Эркектердин жумурткасы энесинин ичинде жатканда курсагында, сыртка чыкканда калтасына түшөт. Кээде жумурткалары түшпөй калат. Бул учурда дароо дарыгерге алып баруу керек.

Оорубаса баары жакшы дебей, профилактика үчүн дарыгерлерге көрсөтүп, гормондорун, жыныс мүчөсүнүн өрчүүсүн текшертип туруу зарыл.

Паротит сыяктуу оорулар дагы жумуртка бездерине таасир бербей койбойт. Андыктан, ата-эне баласынын өсүп-өнүгүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек. 

5. Психологиялык басым

Медицинада психологиялык тукумсуздук деген бар. Мисалы, жаштар баш кошкондон кийин эле тууган-туушкандары, достору, атүгүл кошуналары качан балалуу болушарын сурашып, моралдык басым кылышат. Мисалы, менин практикамда мындай учур болгон. Айылда жашаган түгөйлөр 18 жыл балалуу боло алышкан эмес. Экөөнүн тең анализ жыйынтыктары баары жакшы, бирок аялынын боюна бүтпөйт. Мен шаарга көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү барбы сурадым. Макул болуп көчүп келишкенден көп өтпөй балалуу болушту. Андыктан, түгөйлөр бири-бирин күнөөлөбөй, чогуу кол кармашып көйгөйдү чечиши керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт