// //

Аялымды төшөккө чакырсам, эмнеге дароо келбей турганын эми түшүндүм

2021.05.24, 17:13
17475

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Калп айтпасам жыйырманчы же отузунчу жолу “уктагыла” дедим окшойт. “Азыр ата” деген боюнча дагы эле компьютерлерин чукулап отурушат. Ачуум менен бөлмөлөрүнө кирип барсам “мына, мына” дешип өчүрө калышты. Эми дароо жатып калышса бир жөн, бири-бирин чукулап, кыткылыкташып кайра ачуумду келтиришти. Светин өчүрүп чыгып кетсем, эшикти жабарым менен кайра күйдү. Уруштум. Үчөө үч жакты караган бойдон акыры уйкуга киришти.

Эми мен дагы барып жатып эс алайын дедим. Биринчи эшикти кулптадымбы текшердим. Анан терезелерди карап чыктым. Ашканын жанынан өтүп баратып этти алып чыгып коюу керек экенин эстедим. Алып чыктым. Анан раковинадагы идиштерди жууп, нанды пакетке салып, көгөргөндөрүн итке алып чыктым.

Үйгө кирип баратып кургаган кирлерди көрдүм. Шамал учуруп кетпесин деп аларды чогулта баштадым. Бул арадагараждын эшиги ачык экенин байкадым. Аны жапканы барып, картошка ала кирүү керек экенин эстедим. Бир колума картошка, бир колума кирлерди көтөрүп үйгө кирдим.

Кирип баратып бутумду чечсем, шлепкамдын бирөөсү тепкичтен жерге түшүп кетти. Аны алам деп ийилип, кичүү баламдын мектепке кийген тапичкесин көрүп калдым. Аны алып ордуна койдум. Кирлерди бүктөп шкафка салдым. Бул арада кичүү балам сием деп ойгонуп алды. Аны сийгизип келатып, машинада жуулган кирлер жайылбай калганын көрдүм. Аларды “сушилкага” жайып коюп, эми уктайын десем телевизордун пульту жерде чачылып жатканын көрдүм. Кыязы, балдар түшүрүп алган окшойт. Батарейкасын салып ордуна койдум.

Акыры кербетиме жеттим. Өх... Аялымды “бас уктайлы” деп төшөккө чакырсам кеч келет эле. Анын себебин бүгүн түшүндүм. Көрсө, ары-бери ушинтип жүрө берет турбайбы. А мен аны күтүп жатып, кайра эмнеге дароо келбейсиң, светтен көзүм ооруп чыкты деп буркулдайт элем.

Айылга кайын энемден кабар алганы кеткен. Эки күн болуп калды. Жумуштан сурандым эле. Тезирээк келсе экен, чарчаганымдан ыйлагым келип чыкты. Эртең дагы эрте туруш керек. Жалгыз жаман келсе, мындан ары ага жардам берем.

Бөлмөмдүн эшиги ачылды. Жаңы эле башымды жаздыкка койдум эле. Ортончу уулум экен.

- Эмне болду?

- Ата, сийип келеличи, эшик караңгы экен.

“Алтыным, батыраак келчи!” Аялымды сагындым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт