Кайын энеме карызга баттым деп ыйлап барсам, берген жообу таң калтырды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Колуңардан келсе кредит албай эле койгула. Жакшысы, өзүңөр аракеттенгиле, төрт-беш жумушта иштесеңер деле ошол акчаны табасыңар. Алган күндө дагы максаттуу колдонгула, мага окшоп курбуңарга берип же тойго жумшап салсаңар карызга батасыңар. Башымдан өттү, ошон үчүн айтып жатам.
Биринин үстүнөн бир карыз алдым. Экинчисин жабам деп, үчүнчүсүн баштадым. Соодам такыр жүрбөй калганда, кымбат товарларымды эки эсе арзан берип, банкрот болдум. Процент сурагандар, банктар телефонумдун жанын коюшпады. Нерв болуп ооруга кабылдым. Үй-бүлөмдөн алыстадым. Жадакалса жанымда жаткан күйөөм жардам берейин десе кабыл албадым. Анын дагы мага окшоп карызга батышын каалабадым. “Апалап” тосуп чыккан балама суз жооп бердим.
Күн сайын ыйлайм. Эмне кылышты, кайда барышты билбейм. Уйку качты. Дагы кимиси келе калат экен деп дарбазаны тиктеп отурам.
Кредит алып туруп курбума берип койдум. Бир айда берем дегенине ишенгем. Ошол бойдон жок. Телефону өчүк. Үйүнө канча жолу бардым. Эшигин ачпайт. Ачуум келип жатканы менен, анын деле абалын түшүнүп турдум.
Өзүмдү ушундай жалгыз сездим. Баары кеңеш берет, анын ордуна акча беришсе кана. Кайра жүрөгүмдү оорутушат. Үйгө келсем, күйөөм балдарым менен тамак жеп отуруптур. Алтындарым мени күтүп жарымын калтырып коюшуптур. Күйөөм минтти:
- Апама барып келбейсиңби?
- Ошентет окшойм.
- Балдарга кабатыр болбо.
Айылга жөнөдүм. Кайын энем сыртта күтүп туруптур. Аны көрөрүм менен ыйладым. Билесиңерби, сороткон жок.
- Болду, тарт мурдуңду. Ар кимге даттандың, ыйладың, анан карыздарыңды төлөдүңбү, төлөгөн жоксуң, туурабы?
- Ооба, кыйналып кеттим, апа...
- Байкуш болуп жүрө берсең дагы кыйналасың.
- Алты саның аман, балдарын маңдайыңда, сүйүнбөйсүңбү кайра. Бас, тамак бышып калды, жакшылап тамактанып укта, анан эмне кылышты чеч. Мен чечпейм, өзүң чечесиң. Башыңды көтөрүп, бир нерсе кыл. Ар кимге барып байкуш боло бергенден пайда жок. Бас, ысык тамак ич, кебетең кантет, ооруп дагы калган окшойсуң. Аракет кыл, бирөөнү күнөөлөбө, бас.
Кайын энемдин үнү эле мага дем болуп берди. Чындап эле, карызга баткандан бери аракет кылбай, байкуш болуп, ар кимди күнөөлөп жүрө берипмин. Могу колум менен алдымды, ушул колум менен төлөйм дедим. Кайын энем мага деп шорпо бышырып коюптур, анысын ичип алып уктадым. Эртең менен башым таптаза болуп ойгондум.
“Эмкиде жөө келбей, машина айдап кел” деп кайын энем батасын берип узатты. Айткан кеңештерин угуп, дем күч алып шаарга жөнөдүм.
Андан бери бир топ жыл өттү. Бүгүн акыркы кредитимди төлөп бүттүм. Мурдагы ыйлаак аял эмесмин. Кыйынчылыктар мени такшалтты. Баса, эми машина алганга акча чогулта баштайм. Кайын энеме жөө бара албайм да, туурабы (күлүп).
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум
Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр
Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду
Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат