// //

Маршруткада болгон окуя: "Мас жүргүнчү колумдан өөп..."

2019.01.29, 12:56
6744

Окурманыбыз маршруткадан мас киши асылганын айтып  bilesinbi.kg редакциясына кайрылды. Өкүнүчтүүсү, бир да жүргүнчү жардамга келбептир.

Саламатсызбы! Сиздин кеңешиңизге муктажмын.

Сабактан жаңы эле чыккам. Аярламада маршрутка күтүп турсам, жаныма жашы 60тарга чамалап калган киши келип, “Сен Актандын кызы эмессиңби?”, - деп сурады. Оозунан арактын жыты буруксуйт. Баш чайкап ары басып кеттим. Кечке мени карап турду.

Маршрутка келди. Аркаман түштү. Алдыда эки орундук бош экен. Отурдум. Тиги киши бет маңдайыма туруп алды.  

Оозу-мурдун кыйшыйтып, көздөрүн ойноктотуп ачык эле тийише баштады. “Чоң атамдай эле киши экенсиз, уят эмеспи!”- дедим. Токтоп калган жок. Түшүп кетейин деп ордуман туруп баратсам колумду кармап өөп жиберди. “Собака”, - деп жаактан ары бир чаптым. Колумду кое бербейт. Тепкилеп кирдим.

Артта улуу байкелер, эжелер отурган. Бири жардам берген жок, айдоочу да бейкапар баратты. Адамдардын жүрөгү таш болуп калганын ошондо билдим.

Коркконуман ыйлап жибердим. Колумду тартып алып, маршруткадан түшүүгө шаштым. Жөн калбай терезени тыкылдатып, "жакшы бар" дегенсип колун булгалады.

Айтыңызчы, мен эмне кылышым керек эле? Укугум тебеленип калгандай өзүмдү жаман сезип жатам. 

Юрист Нурислам Раимжанов милицияга арыз жазуу керек экенин айтты.

Урматтуу окурман, кайгырбаңыз! Мындай абалга кабылганда, өз укугун мыкты билген адам да өзүн жоготуп коюушу мүмкүн.

Келиңиз, эмне кылуу керек эле, карап көрөлү:

  • Өзүңүздү жоготпоңуз;
  • Коркконуңузду билдирбеңиз;
  • Адамдар качан жардамга келет деп күтпөй, биринчи жардам сураңыз;
  • Эч ким жардам бербесе, 102 номерине чалып, аты-жөнүңүздү, тийишип жаткан кишинин белгилерин, кайсыл маршруткада, кайда баратканыңызды кабарлаңыз;
  • Милиция кызматкерлери келгенче эл көп жерде болуңуз (коомдук жайда бир аз да болсо коопсуз);
  • Сизге тийишип жаткан адамды видеотасмага тартып алууга аракет кылыңыз.

Милицияга окуя кайсы аярламадан болгонун айтып, арыз жазыңыз. Ошол жерде же айланасында видео байкоо бар болушу мүмкүн. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт