// //

Кайын энемдин туулган күнүмдө берген белеги көз жашымды агызды

2021.05.18, 15:22
11438

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул менин эсимде калган туулган күн болду. Эч качан унутпайм. Кийин карылыкка алдырып эле эсимден чыгып кетпесе. Кайын энемдин бул аракети мен үчүн баа жеткис нерсе болуп саналат.

Кайын энем айылдын медпунктунун регистратурасында иштейт. Жумасына үч жолу барып келет. Айлыгы өтө аз. 2000 сомго жетпеген акча алат. Анысы колго тиери менен бизге таттуу алганы дүкөнгө жөнөйт.

Кош бойлуумун. Декретке чыгып үйдө отурам. Күйөөм эле иштеп жатат. Тыйын жагынан бир аз тартыш болууда. Өзүм деле жумушу жок отура албайм. Аман-эсен көз жарып алсам, кайра сүйүктүү жумушума барам. Тойлордо сүрөт тартып иштейм. Кесибим өзүмө аябай жагат.

Кечээ туулган күнүм болду. Эң сонун туулган күнүм болду. Күйөөм алтын чынжыр менен гүл берип ойготту. Анан жумушуна жөнөп кетти. Байкушум, топтоп жүргөн тыйындарына сатып алыптыр. Кымбат экени көрүнүп турат. Эми айлык алгыча жумушуна жөө барат. Анан ата-энем, курбуларым чалып куттуктады.

Кайын энем эмне берди дебейсиңерби? Боюма бүткөндөн бери мантыга талгак болдум. Өзүңөр билгендей эт кымбат. Картошка менен жасап жеп жүрдүм, бирок ага дагы болбоду. Кайын энем болсо, таң эрте туруп манты бышырыптыр. Ичи толтура эт. Кудум мен каалагандай. Этти болсо кошунадан сурап келиптир.

“Менин тыйыным түшө элек. Сага бир нерсе алалабай калдым, кызым. Капа болбо. Колумдан ушул мантыны жасаган эле келди. Талгак болуп кыйналып жүрдүң эле. Келегой, жеп ал. Керим (күйөөм) келсе, калтырбай коет.”

Көзүмдөн жаш агат десеңер. Рахматымды айтып кучактап алып ыйладым. Бул мен үчүн эң баалуу белек. Биринчи жолу телефон, гүл же шоколад эмес, манты алышым. Мага болгон мамилеси эле канча турат. Мен үчүн кошунадан карызга эт сураганычы...

Экөөбүз отуруп алып манты жедик. Кечинде күйөөм торт көтөрүп келди. Дагы майрамдадык.

Кайын энеме рахмат айткым келди. Апа, муну окуйсузбу же жокпу билбейм. Балким, мен жокто Керим окуп берет (күлүп). Мен сизди жакшы көрөм. Өз кызыңыздай кабыл алып, таң эрте бакырып эмес, бетимден өөп ойготосуз. Ар дайым мени аяп, Керимди урушасыз. Мен жок чай ичпей отурарыңызды дагы билем. Тойго барсаңыз жилигиңизди жебей мага деп көтөрүп келесиз. Өзүңүз жыртык байпагыңызды тигип алып, мага жаңысын алып бересиз. Анан кантип сизди жакшы көрбөй коем. Апа, баары үчүн рахмат. Мен сизди аябай жакшы көрөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт