// //

«Айыл Банктын» колдоосу менен өлкөдөгү эң ири эт комбинаты ишке киришти

2021.05.18, 10:55
993

15-майда Каракол шаарында малды союп, этти иштетип жана даяр продукцияны керектөөчүгө жеткирген "Рейна Кенч" эт комбинаты ишке киришти. Ишкананын курулушу өткөн жылдын август айында башталган.

Кобинатта күнүнө 500 баш майда жандыктар жана 100 баш бодо мал союлат.

Жалпысынан ишкананы ишке киргизүүгө 132 миллион сом сарпталды, анын 36 миллион сомун  "Айыл Банк"  бөлүп берди.

Комбинат малды Ысык-Көл облусунун төрт районунун фермерлеринен сатып алат. Демек, региондогу малчыларга малды туруктуу сатууну камсыз кылып берет.

Ишкананын өзүнүн экологиялык лабораториясы бар. Ал өндүрүлгөн продукциянын экологиялык жактан таза болушуна жана коопсуздугуна кепилдик берет.

Эт комбинаты жүздөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылат, алардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундар экенин баса белгилей кетүү зарыл. Ошондой эле, ишканада чийки зат жана үрөн өстүрүү базасы, асыл тукум фермасы,  "фермерлердин мектеби" бар.

"Айыл Банк" бул ишкана менен көптөн бери ийгиликтүү иштешип келе жатат.  "Рейна-Кенч" эт комбинатынын бардык эт азыктары ички рынокко, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирилет.

Мындан тышкары, банк "Рейна Кенч" фермасы менен жогорку продукттуу малды лизингге берүү боюнча кызматташат. Айталы, экөөнүн ортосундагы келишимдин арты менен, Кыргызстандын фермерлеринде асыл тукумдуу малды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон. "Рейна Кенч" аркылуу фермерлер Абердин Ангус  жогорку эт багытындагы уйларын алалышат.

Лизингге байланышкан суроолор боюнча ab.kg сайтына же "Айыл Банк" ААКнын бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт