Боюмда бар, күн сайын кола ичем. Ичимдеги балага зыяны тийбейби?
Саламатсызбы! Менин эки айлык боюмда бар. Ошол себептүү кола ичип жатам. Аны ичпесем тамак ичким келбейт, жүрөгүм айланып куса берем. Ичимдеги балага зыяны тийбейби?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кош бойлуулук учурунда коланы аз ичкениңиз оң. Анткени анын курамында кант жана кофеин көп. Кант ашыкча салмак кошууга жана гликемиялык индекстин жогорулашына алып келет. Ал эми кофеин кош бойлуу аялдар үчүн күнүнө 200 мгдан ашпашы керек. Колада, алсак 100 мл суусундугунун курамында анын өлчөмү 35-50 мг түзөт. Кофеин плацентанын түйүлдүгүнө өтүп, кан менен камсыздоону начарлатышы мүмкүн. Эгерде кошумча тобокелдик факторлору бири-бирине дал келсе, бойдон түшүп калышы мүмкүн. Демек, бул суусундукту ичүүнү чектеңиз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.