Бирөөлөр менен себепсиз эле урушкум келет. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Жашым 31де. Менин суроомо жооп алып бересиз деген ойдомун. Акыркы күндөрү тез-тез ачуум келет. Себеби жок бирөөлөр менен урушкум келет. Себеп болуп калса мушташканга чейин барам. Адамдар көзүмө мага акыйтсыздык, жамандык каалап жаткандай сезилет. Мурда мындайым жок эле. Акыркы бир жыл аралыгында кыйналып кеттим. Эч кимге айта албайм, айтсам "сен жинди болдуң" же "жин оорусу менен оорудуң" деген сөздөрдөн уялам. Жадакалса келинчегиме да айталбайм. Башкаларга сыр билгизбегенге аракет кылам, бирок ичимден жинденип кыйнала берем. Эмне кылсам болот? Кайсы жака кайрылсам болот? Бул оорубу?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Кутмандуу күнүңүз менен! Сиз "себепсиз ачуулануу" жөнүндө айтып жатасыз, бирок себеби жок болгон учурлар сейрек кездешет. Ошондой эле, өзүңүздүн чыңалганыңызды жана жыйынтыгы ачууланууга алып келген көптөгөн сезимдерди ичиңизде кармай турганыңызды жазыпсыз.
Адамдардын сизге жамандык каалап жатканын элесетүү жана ага ишенүү менен жашоо кыйын. Жалгыз жана сырларын эч ким менен бөлүшө албаган адам сыяктуу сезилесиз. Бирок, так сунуштарды берүү үчүн, сизге суроолорду берип, көбүрөөк маалымат алышым керет.
Ачуулануу ар дайым маанилүү бир нерсени билдирип турат. Дайыма эле дароо билине бербеген кандайдыр бир каалоо болушу мүмкүн. Ал эмне каалоо экенин таап жана канааттандыруу керек. Психологго кайрылыңыз. Адис менен кеңешүү учурунда сиз өзүңүз үчүн көп нерсени тактап алсаңыз болот.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.