Жолдошум менен кошулуп жатканда жыныс кыным кычышат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Турмушка чыкканыма 5 ай болду. 4 айлык боюмда бар. Жолдошум менен кошулуп жатканда жыныс кыным кычышып, ачышып, ооруйт. Ошондон улам кошулгум келбей. Андан кийин аптекадан "Синафлан" деген мазь алып сүйкөдүм. Жыйынтыгы жакшы эле болуп жатат. Бирок балага зыяны жокпу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Эгерде мен сизди туура түшүнгөн болсом, анда жыныстык катнаш учурунда кыныңыздын ичинде оору жана кычышуу пайда болот. Эгер ошондой болсо, анда биринчи кезекте флора жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар үчүн мазок анализдерин тапшырыңыз.
Кош бойлуулук учурунда, иммунитеттин төмөндөшүнө байланыштуу, молочница грибогу (кандида) өсүшү активдешет, ал оору жана кычышуудан тышкары, быштак "выделение" менен коштолот. Бирок бул бир гана себеп эмес, мындан дагы көп. Ошондуктан, көйгөйдү чечүү үчүн сөзсүз түрдө гинекологго кайрылыңыз. Синафлан гормоналдык дары жана кош бойлуулук учурунда аны колдонууга тыюу салынат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот