Кайын атам жумушунан каза болду. Иштеген жери компенсация төлөп бериши керекпи?
Саламатсызбы! Кайын атам тез жардам кызматынын айдоочусу болуп иштечү. Ал жумуш учурунда каза болду. Иштеген бейтапканасы компенсация төлөп бериши керекпи?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы! Ооба, эмгек мыйзамдарына ылайык, жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда, келтирилген зыяндын ордун толтурууга укуктуу:
1) каза болгон адамдын багуусунда болгон жумушка жараксыз адамдар;
2) каза болгон адамдын өлгөндөн кийин төрөлгөн баласы;
3) иштөө мүмкүнчүлүгүнө карабастан, иштебеген жана 14 жашка толо элек маркумдун балдарын, неберелерин, бир туугандарын жана карындаштарын багуу менен алектенген ата-энесинин, жубайынын же үй-бүлөнүн башка мүчөсүнүн бирөөсү;
4) каза болгон адамдын багуусунда болгон жана ал өлгөндөн кийин 5 жылдын ичинде жумушка жараксыз болуп калган адамдар.
Каза болгон адамдын багуусунда болгон жана анын өлүмүнө байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга, зыян маркумдун ага тиешелүү үлүшүн алып салуу менен орточо айлык кирешесинин өлчөмүндө аныкталат.
Ошондой эле, бул адамдарга иш берүүчү тарабынан жабырлануучунун жыйырма жылдык орточо кирешеси өлчөмүндө бир жолку акча төлөнөт. Бир жолку сумманын өлчөмү ошол жер үчүн белгиленген төрт жылдык эң төмөнкү жашоо минимумунан кем болбошу керек (төлөө күнү).
Бул үчүн, кайын атаңыздын иш берүүчүсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арызды тапшыруу керек, ал эскирүү мезгилине карабастан, өндүрүштүк жаракаттарды келтирген зыян үчүн жооп берет.
Ишиңизге ийгилик!