Он күндүк баламдын ичи курулдап жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Баламдын төрөлгөнүнө он күн болду. Ичи өтүп курулдап жатканына жети күн болду. Эмне кылсам болот? Эки күндөн бери Боботик берип жатам.
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Саламатсызбы! Ичи өткөк менен ооруган балдар үчүн денедеги суюктуктун көп өлчөмдө жоголушу коркунучтуу. Ооруган бала эмчек эмсе, эмизүүнү улантуу керек. Тез-тез эмизип турсаңыз, суюктук менен үзгүлтүксүз камсыз болот. Ичи өткөн балага суюктукту көп берүүдөн өткөн дары жок.
Экинчиден, өзүңүздүн тамактанууңузга да көңүл буруңуз. Анткени, ымыркайдын тамак сиңирүүсү жакшы жетиле элек, жаңы тамактарга сезгич болуп өтүп калышы мүмкүн. Жеген ар бир тамагыңыз балаңыз үчүн жаңы, кээде ылгап калат.
Жаңы төрөлгөн баланын ичи өтпөй эле, суткасына 10-15 жолу заңдашы толук ыктымал. Эгер балаңыздын дене табы көтөрүлбөсө, кусбаса тез-тез эмизүү менен айыктырсаңыз болот. Эмизүүнүн алдында колду таза жууп, гигиеналык эрежелерди сактаңыз.