// //

Төрөгөндөн кийин башымдын ооруганы басылбай жатат. Эмнеден болушу мүмкүн? 

2021.05.10, 12:50
1489

Саламатсызбы! Төрөгөнүмө 20 күн болду. Башымдын ооруганы басылбай жатат. Кан басымымды текшертсем 110/80 экен. Башым менен көзүм кошо ооруп тумандап жатат. Эмнеден болушу мүмкүн? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.05.2021, 13:07

Айнура Матураимова

Гинеколог

Саламатсызбы! Ар бир аял төрөттөн бир нече күндөн кийин башынын оорушун байкашат. Бул көптөгөн себептерден улам болушу мүмкүн:

  • Төрөт учурунда физикалык күчтөн улам, баштын жана көздүн кан тамырларына басым келет.
  • Гормоналдык деңгээлдин өзгөрүүсү
  • Психо-эмоционалдык тынчсыздануу.

Кош бойлуулук учурунда аялдын денесиндеги кандын жана суюктуктун көлөмү бир кыйла жогорулайт. Бул физиологиялык жактан баланын жакшы төрөлүшүнө шарт түзөт. Ошол суюктук менен мээдеги кан тамырлар шишип, калыбына келгичекти ооруйт. Эки үч айда толук калыбына келет.

Организмге мүмкүн болушунча аз таасир этүүчү дарыларды колдонуу шарт. Анткени дарынын таасири сүт аркылуу балага өтпөгөндөй болуш керек.
Дарыгерге кайрылыңыз, балага зыян келтирбөөчү дары жазып берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт