// //

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

2021.05.09, 18:02
43218

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Сага эмне болду, дос?

- Ыя?

- Эмне болду дейм?

- А, неме...

- Ээ, макулчу.

СТОдо машина оңдоп иштейм. Бүгүн эки кардардан уруш жедим. Бир “запчасты” буздум. Досторум түшкү тамактанууга кетишти. А мен жер чукуп отурдум. Эмнеге дебейсиңерби? Бүгүн аялым бир дагы жолу чалган жок.

Кечээ экөөбүз таарыныша кеткенбиз. Акыры эмне дешти билбей, “күндө чалып кайдасың дебе анда” дедим. Макул деген боюнча басып кетти. Азыр бул сөзүмө өкүнүп жатам. Көрсө, аялымдын минтип сураганы, менден кабатыр болгону, үйдө сени күтүп жатабыз дегени тура. Жашоомдун маңызы жоголду. Башым иштебейт. Эмнеге андай дедим. Өкүнүп жатам.

Өзүмдү жалгыз сездим. Жүрөгүмдүн жарымын бирөө жулуп алгандай эле болду. Табитим жоголду. Колумдагы зымды ары ыргыттым дагы, үйгө чуркап жөнөдүм.

- Эмнеге жазган жоксуң? Эмнеге?

- Баары жакшыбы?

- Жок! Жакшы эмес!

Эшикти ачары менен бакырып кирдим. Акырында катуу кучактадым. Ошондо курсагымдын курулдаганы угулду. Эртеден бери эч нерсе жебегенимди билдим.

- Өзүң жазба дебедиңби.

- Мени укпа, мен айта берем.

- Жүр тамак бышып калды.

Кудуңдап артынан жөнөдүм.

Кезектеги кардардын машинасын оңдоп отургам. Телефонума кат келди. Келинчегимден экен. “Кайдасың?” деп жазыптыр. Жылмайдым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт