// //

«Айыл Банк» «Айылга салым» жаңы депозиттик продуктун ишке киргизди

2021.05.07, 14:15
921

Биздин максатыбыз бул – агро өнөр жай тармагынын дыйкандардын киреше булактарынын өсүшү аркулуу өнүгүүсү жана Кыргызстандын тамак-аш коопсуздугунун кредит берүү жана финансылык кызматтарды көрсөтүү аркылуу айыл чарба өндүрүш тармагынын туруктуу экономикалык өнүгүүсун камсыздоо.

Өкмөттүн саясатынын колдоо максатында «Айыл Банк» ААКсы «Айылга салым» жаңы депозиттик продуктту иштеп чыгып ишке киргизди.

Ушул продукттун негизги максаты – айыл чарбанын өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу кредиттерди берүү үчүн арналган депозиттерди тартуу.

Депозит эки вариантта иштеп чыгарылган – мөөнөттүү жана мөөнөттүү-топтоочу депозит. Депозиттин шарттарына ылайык ар бир кардар ача турган депозиттин ставкасын алгылыктуу маанилердин чектери ичинде, өзү тандай алат.

Депозит ачып жатканда кардарга ал тандаган мөөнөт жана депозиттин валютасына карата минималдык пайыздык чен сунушталат. Кардардын каалоосуна карата депозиттин мөөнөтү жана валютасына ылайык жогорку пыйыздык чен тандалса болот. Бирок, эгерде кардар ачкан депозиттин пайыздык чени канчалык төмөн болсо, биз кредитти ошончолук төмөн пайыз менен беребиз.

«Айылга салым» арзан финансылык ресурстарды карыз алууларды издөөнү жарандардын ички унөмдөө потенциалын кайра багыттону камсыз кылат, өлкөнүн региондорунун өнүгүүсүнө баа жеткис салымын кошуп келет.   

«Айылга салым» мөөнөттүү депозити, жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн.

Депозиттин шарттары:

  • Минималдык сумма: 5000 KGS; 5000 RUB; 100 USD
  • Проценттер ай сайын төлөнүп берилет
  • Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулса – проценттер депозиттин чыныгы колдонуу мөөнөтүнө жараша төлөнүп берилет.
Келишимдин мөөнөтү (ай) “Айылга салым”
KGS USD RUB
12 6%-8% 1,75% 2,5%-3,5%
24 7%-9% 1%-2% 3,5%-4,5%
36 8%-10% 1,25%-2,25% 4%-5%
48 9%-11% 1,5%-2,5% 5%-6%
60 10%-12% 2%-3% 6%-7%

 

«Айылга салым» мөөнөттүү-топтоочу депозити, жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн.

Депозиттин шарттары:

  • Минималдык сумма: 5000 KGS; 5000 RUB; 100 USD
  •  Кошумча салымдар – 100 млн. сомдон, 100 млн. рублдан, 2 млн. доллардан көп эмес, келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде.
  • Проценттер ай сайын төлөнүп берилет
  • Келишим мөөнөтүнөн мурда бузулса – проценттер депозиттин чыныгы колдонуу мөөнөтүнө жараша төлөнүп берилет.
Келишимдин мөөнөтү (ай) “Айылга салым”
KGS USD RUB
12 4%-6% 1,5% 3%-4%
24 5%-7% 1,75% 3,5%-4,5%
36 6%-8% 1%-2% 4%-5%
48 7%-9% 1,25%-2,25% 4,5%-5,5%
60 8%-10% 1,5%-2,5% 5%-6%

*Эффективдүү пайыздык чен: KGS – 12,91% жылдык пайызга чейин; USD – 2,66% пайызга чейин; RUB - 6,98% пайызга чейин.

Кошумча суроолор боюнча ab.kg сайтына же "Айыл Банк" ААКнын бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт