// //

Мерез жүрөгүмдү эмес, мерез мүнөзүмдү кечир!

2021.05.05, 11:46
4004

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жашоодон жедеп, дагы да чөгүп турганда жолуктук. Жамгыр төгүп, суу болуп, жумуш издеп жүргөм. Сенин үнүңдү дароо тааныдым. Учураштык, чогуу тамактанып, ал жай сурашып отурдук. Эч өзгөрбөпсүң. Көздөрүңө карай албай, үстөк-босток жаадырган суроолоруңа мукактана жооп берип, акыры жумушка барыш керек деген шылтоо менен үйгө шашып келе бердим.

7 жыл өтүптүр мектепти аяктаганыбызга. Жолдо катар ыйлап келаттым. Турмуштан жолум болбой, Москванын бир бурчунан жумуш издеп жүргөндө жолукканыма ызаландым. Бирок 7 жыл мурдагыдай туфлим жыртык эмес болчу.

Ооба, сен класска алгач кирип келгенде жыртык туфлимди узун шымыма катып кийип, эч ким көрүп калбаса экен деп жүрчүмүн. Шибегени капка катууга болбойт демекчи, канча жашырбайын, жокчулук деген баары бир өзүн билдирип койчу.

Сенден айырмаланып башка классташтар билчү, менин концерт, киного такыр барбарымды. Сен келген күндөн баштап мени жалооруй карап, классташтар барган жакка чакырып туруп алдың. Акыры бир күнү, жүрү мен төлөйм дедиң акырын гана. Аябай катуу тийди. "Сенден акча сурап жатамбы?" дедим. Ошол күндөн тарта сага сүйлөмөк тургай учурашпай да калдым. Бир партада чогуу отурсак да бир ооз сөз сүйлөбөйм.

Бирок жүрөк кургур акылыма баш ийбей, жазып жатканыңда эч кимге билгизбей урданып карап алам. Өзүм менен канча күрөшсөм дагы сени ойлобой коё албадым.Терезелери сынган, жарты үйүбүздө жумуш кылып жүрүп, сен карап тургандай денем чыйрыга түшөт. Сенин элесиң мени ээрчип алды. Бирок сырымды жан адамга билгизбейм. Классташ кыздар чогулган жерден сени сөз кылып, улам жаңы маалымат таап келгени үнүн өктөм чыгарып, баарын тегерете айды иликтеп келгенсип тамшана айтып баштайт. "Атасы баланчаев экен го", "апасы мындай жерде иштейт экен", "эжеси мындай машина айдап жүрөт" ж.б. Кийген кийимиңдин баасына чейин аныктап алган болот.

Сен сүйлөсөң баары тынчып, кунт коюп угат. Сенин сөзүңдү баары туура дейт, күлкүлүү болбосо да күлүшөт. Бирок оюңду тартынбай айтканың, курч мүнөзүң мени да таң калтырат.

Ишемби күндү жаман көрчүмүн. Мектепти тазалаганы эмес, тойго барчудай жасанып түрдүү кийинип барчу кыздар. Жалгыз мен баягы эки жыл мурунку ак көйнөгүм, эжемдин жыртык эски туфлисин кийип канча уялып турсам да билгизбей бара берчүмүн. Сен келип уялганым күчөп, өзүнчө басынчу болдум. "Жокчулук уят эмес, барчылык мурас эмес" деген менен ошол күндөр мен үчүн эң азаптуу күндөр болчу. Башкалардай каткырып күлө албай, эл барган жерге бара албай, башкалар мектептен тамактанып жатса, сумкамдагы туурам нанды жеп жатып көзүмө нечен жолу жаш тегеренет. Жокчулук көкөйүмө көк таштай тийген.

Бирөө күлүп жатса менин жыртык туфлиме күлүп жатабы, же апамдын плащынан өзүм тигип алган сумкамабы?

Анымды жанымда отурган сени байкабаса деп корунуп жүрүп акыры окуу жылы аяктады. Бүтүрүү кечесине курбумдун эски көйнөгүн, туфлисин кийип бардым. Кийген костюмуң өзүңө куп жарашып, баарынын көңүлүн өзүңө буруп турдуң. Күтүлбөгөн жерден мени бийге тарттың. Чынында эч качан вальс бийлеп көрбөгөм. Бутуңду эки-үч жолу басып алганыма аябай уялдым. Мындай кечелер жупуну кийинген мен үчүн кызыксыз эле. Анын үстүнө "Аиданын жаңы жылда кийген көйнөгү го, туфли дагы ээ" деген күбүр шыбырдан тажап үйгө жөнөдүм.

Жолдо катар ызама батпай ыйладым. Окууну бүтөрүм менен иштеп, эч качан эски, жыртык кийбейм деп өзүмдү сооротуп келаттым. Артымдан чуркап келдиң. Бир топко тигиле карап туруп, катуу кучактап алдың. Үнсүз ыйлап турдум. "Алар алтындан кымкап кийсе да, сен өзгөчөсүң, алар сага тең келбейт, сени жакшы көрөм угуп жатасыңбы, мындан ары жашыра албайм" дедиң. Ошондогу жүрөгүңдүн соккону, ар бир сөзүң али да эсимде. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Ошондогу сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Баарын унутуп өзүмдү эң сулуу, эң бактылуу сезип таң атканча уктай албай чыктым.

Бир жумадан кийин мектепке барсам, экөөбүз тууралуу баарына жетип, эки сөздүн бири мен жөнүндө болуп жатты. "Азамат кече туфли издеп жүрүптүр" деди Кубан аттуу классташым карсылдап күлүп. "Биз дагы көргөнбүз, сумка менен жаңы көйнөк алып атканын"деди дагы бири. "Охо бирөөлөргө күн тиет экен да" деди калгандары шарактап күлүшүп. Көзүмдөн жаш аккан жок, чыгып да кете албадым. Көкүрөк тушум ачышып ооруп, бир чекитти мелтиреп тиктеген абалда отура бердим. Бул сыяктуу сөздөрү Азамат кирип келгенде гана токтоду. 11 жыл бою сабакты жакшы окуп, бир балага күлүп карабай түз жүрүп чогулткан ар-намысым бүгүн чачылгандай сезилди. Бар менен жокту бөлгөн дүйнөгө түңүлүп, жашоо бир паста маңызын жоготкондой, суудан четке сүрүлүп чыгып калган балыктай араң дем алып жаттым.

Экзамен бүтөрү менен тигүү цехине кирдим да, ошол боюнча эч ким менен байланышкан жокмун. Ал арада биз жашаган батирге нечен келдиң. Жумушта отуруп, бир жагынан издеп келгениңе толкундансам, бир жагынан үйдү көрүп таң калып кетти го деп кабатырланам. Акыры үй алып, көчүп кеттик.

Турмушубуз оңолуп, оюм бир жерге түшкөндөй болду. Өз күчүм менен окууга тапшырдым. Анан сага жолуктум. Мени көрүп сүйүнгөнүңдү жашыра албай дароо номеримди, үйүмдүн дарегин, кайсы окуу жайда окуп жатканымды шашып сурадың. Эч өзгөрбөпсүң. Баягыдай оюңду жашырбай айтып отурдуң. Капыстан "Менин каерим жакпайт?" деп суроо бердиң. Жүрөгүм миң ирет сени сагынганымды, сеникиндей каректерди миң издегенимди чыркырып айтып турса да тилим эки ооз жакшы сөз батынып айта албай койду. Андан кийин эркек башың менен көз жаш төгүп "Айтчы, мейли башканы сүйсөң деле мейли, болгону мага жарылып айтчы сырыңды" дедиң. Сени чындап сүйгөнүмдү башкалар байлыкка кызыкты дешмек.

Сенин айланаңда чарк айланган байдын кыздарын көргөндө өзүмө болгон ишеничим жоголуп, чүнчүп кеттим.

Анан да баарынан коркконум, бир күнү келип мени таштап, өзүң теңдүү байдын кызына үйлөнүп аларыңдан корктум. Ооба, мен сен экөөбүз үчүн жалгыз чечим чыгардым. Ичим өрт менен жалын болуп турса да бир жолу сени тоюп карай албадым. Башка классташтар сени кучактап сүрөткө түшсө, мен жаныңа жологондон тартындым. Жүрөгүмө каршы чыктым. Элдин сөзүнөн тартынып, сезимдеримди жүрөгүмдүн түпкүрүнө чыккыс кылып бекитип жашай бердим. Эмнеге мынча мерез болдум өзүм да түшүнбөйм. Мектептеги азаптуу күндөрдү сени менен кошо жоготуп жашоомду жаңыдан баштагым келди.

Университтен чыныгы досторду таптым, алар менен чындап боорум эзиле күлдүм. Анан... Сага окшош жигитке жолуктум. Сага айта албай калган сезимдеримди ага айттым. Сага бере албаган сүйүүмдү ага бердим. Сага жибибеген жүрөгүм ага жибиди. Баш коштук. Сени унуттум деп ойлогом. Алгачкы, балалык сүйүү өтүп кетет дегем. Бир күнү тойдон сага мүнөзү, күлкүсү, айрыкча көздөрү окшош жигитти көрдүм. Сүйлөп жатса улам карагым келет. Жүрөгүм ооруп чыкты. Жанымдагы кызганчак күйөөмдөн коркуп, бир жагынан өзүмдү жемелеп, тойдун кандай өткөнүн да билбедим. Сенин элесиңди ар кимден издеп жүрүп адашып калганымды өзүм да сезбей калдым. Сага бир аз окшошсо дароо сен оюма келип, акыркы күндөрү аябай жүдөдүм. Балким сага окшош деген жолдошум да сендей сүйсө, көңүл буруп сыйлап турса, бөксөргөн көңүлүм толуп бактылуу жашайт белем ким билет. Турпаты гана окшош жолдошумдун жан дүйнөсү такыр башка болуп чыкты. Акыры эки жолго түштүк.

Чырмалган токойдой жашоонун ой талаасында калгандаймын. Кайсы жерден жаңылдым, кайсы жерден чалындым? Өткөндү унутуп дагы да жаңы жашоо баштагым келет. Алсырап турам. Экөөбүздүн чогуу түшкөн 2 сүрөттү дагы да сактап жүрөм. Сүрөттө да өзүмдү сенден ала качып атып түшкөм, сен болсо болбой эле кучактап алыпсың.

Бытыраган эски батирге келип эми матрацка жатсам сенден билдирүү келди. Ыйлап да күлүп да жазып жаттым. Баягыдай эле, жок андан да мүнөзүң курч. "Чыныгы сүйүүнү мен берем сага, мага бир эле мүмкүнчүлүк берсең " деп жаздың. Кантем ай... Сага берчү эч нерсем жок. Бир күйөөдөн чыккан кызды алыптыр деген жаман сөзгө калбаса дейм. Курч, жайдары мүнөзүңдү мен үчүн талкалап алсаңчы? Мен сенин эң алсыз жериңе айланам. Элдер ошол алсыз, ооруп турган жериңе сокку узатат. Мени кечир. Бул жолу да жоопсуз калтырам. Сага болгон сезимимди жүрөгүмдүн түпкүрүнө чынжырлап салгам. Мен бул дүйнөдө сенин теңиң болбой жаралган көрүнөм.

Мерез жүрөгүмдү эмес, мерез мүнөзүмдү кечир!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Чоң атамдын контракт төлөөгө шарты жок, "окутам" деген жигитке кыздыгымды бердим

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт