// //

"Абысыным күйөөмө көз артат". Жаш келиндин баяны

2019.01.27, 13:41
9010

Менин атым Эркеайым (аты өзгөртүлдү), 20 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 ай болду. Күйөөмдү сүйөм, бирок аны башка дагы бирөө ...

"Мүнөт сайын үйгө келет"

Апам (кайын энем) алтын киши. "Эмне үйдө отурасыңар, сыртка чыгып келгиле, жашсыңар", - деп турат. Жаңы келгенимде айткан сөзү али да эсимде: "Сен менин кызымсың!"

Кайын агамдын аялы (абысыным) менен күйөөм классташ болчу экен. Апамдын ак көңүлдүгү ай... Бир аз катуурак болсо, балким келиндери сестенип тураар беле.

Үйгө адыраңдап кирет. Баса, алар бизден бир көчө кийин жашайт. Секунд дебейин, мүнөт сайын келет. 

"Ии классташ, анан кандай экен үйлөнгөн", - деп Кайратты (күйөөм) жонуна чабат. 

Апам:

- Кой кызым, антпесеңчи...

Абысыным:

- Ай апа, тамаша да!

Апам:

- Келин менен дүкөнгө барып келбейсиңерби?

Абысыным:

- Мүмкүн, Кайрат менен эле барып келээрмин.... Хахахаа!

"Чайды биринчи апама эмес, күйөөмө сунат"

Бир нерсесин тартып алгансып, мага сүйлөбөйт (балким, тартып алгандырмын). Боенсом же жаңы кийинип алсам, дароо Кайратка чуркап барып, "аялың бирөөнү сүйүп калганго, тим эле жасанып алыптыр", - деп болбогон кептерди сүйлөйт. 

Күйөөм экөөбүз чогуу олтуруп кино көрсөк, колтукташып бассак же суу чачышып ойносок ушундай жаман көздөрү менен карап өтөт. 

Чайды биринчи апама эмес, күйөөмө сунат. Бир күнү чыдабай Кайратка айттым:

- Жеңем сени сүйөбү?

- Кайдагыны баштабачы.

- Өлүмүш боло бербечи, мен баарын көрүп турам!

- Ал ошондой. Эми... Эми, өзүң элестетсең алтыным, аялыңыз мага тийишип жатат деп агама кантип айтам. 

- Классташ экенсиңерго, бири-бириңерди сүйчү белеңер?

- Бүтүрүү кечесинде жакшы көрөөрүн айткан, катуу кагып койгом. Экзамендер бүткөндөн кийин, агама тийип алды, окууга тапшырган жок. Ал да кызык, ушунун эмнесин жактырды?

- Демек, ал сени сүйчү экен да...

- Эркеайым койчу. Тамак быштыбы?

Эми баары түшүнүктүү. Мурда обу жок кызганып жатсам керек деп өзүмдү токтотуп койчумун. Көрсө кептин баары башкада турбайбы. 

Жакында окубуз башталат. Шаарга кетебиз. Оо кудай, аркабыздан келип калбаса экен. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт