// //

Мени сабап чоңойтушкан, эми балдарыма кол көтөрөм. Бул нерсени кантип токтотом?

2021.05.04, 17:30
1403

Саламатсызбы! Мен өзүм атанын, апанын мээримин көрбөй чоңойгом. Таенемдин, андан кийин таежемдин колунда болдум. Азыр үй-бүлөлүүмүн. 2 кыз, 1 уулум бар. Балдарымды көп урушам. Кызымды урам. Бир нерсени туура эмес кылса эле кыйкырып жатып калам. Мен кантип мээрим төгүштү билбейм. Анкени мени да сабап тарбиялашкан. Кол көтөрүп алып кечке жүрөгүм ооруйт. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.05.2021, 17:48

Инна Поляк

Балдар психологу

Кутмандуу күнүңүз менен! Сезимдериңизди жибитүү үчүн, биринчи кезекте ата-энеңизди, бала кезиңизде башыңыздан кечирген азап-кайгыларыңызды кечиришиңиз керек. Кечиримдүүлүк сүйүү жана кам көрүү үчүн жан дүйнөңүздү бошотууга мүмкүндүк берет.

Бул практика үчүн ата-энеңизге кат жазыңыз. Эмне үчүн аларга ачууланасыз? Эмне үчүн аларга таарындыңыз? Эмне үчүн сизге оор болуп жатат? Кичинеңизде эмне жеткен эмес? Балалыгыңыз кандай өтүшүн каалагансыз? Акылыңызга келген ар кандай ойлорду жана сезимдерди колго жазып чыгыңыз.
Ата-энеңиз сизге өздөрү билген жана колунан келген нерсени бере алган. Балким, алар дагы балалык чагында сүйүү жана кам көрүү сөздөрүн уккан эмес. 

Ата-энеңизге сизди бул дүйнөгө алып келип, өмүр бергени үчүн рахмат айтыңыз. 
Андан кийин, катты өрттөп же майда бөлүктөргө бөлүп тытып салыңыз.

Башкаларга сүйүү берүү үчүн, алгач өзүңө болгон сүйүүнү сезе билишиң керек.
Ал эми азыр сиздин милдетиңиз - өзүңүздү сүйүү. Өзүн сүйүү деген эмне?
Бул өзүңө убакыт, көңүл, акча жана камкордук арноо. Каталарыңыз үчүн өзүңүздү кечирип, оң жана терс жактарыңызды, кандай болсо, ошондой кабыл алыңыз. Бул сезимдериңизге тынымсыз көңүл буруп жаткандыгыңызды билдирет. Азыр эмнени сезип жатасыз? Эмне үчүн мындай болуп жатат?

Балдарыңызга кыйкырып жана кол көтөргөндөн мурун - өзүңүздүн кичинекей болгонуңузду элестетиңиз. Коркконуңузду жана кайгырганыңызды эстеңиз. Балдарыңыз дагы ошондой сезимде болушун каалайсызбы?

Аларды бат-бат кучактап өпкөнгө аракет кылыңыз. Күнүнө жок дегенде бир жолу. Башында кыйын болот, анткени сиз буга көнгөн эмессиз. Бирок, бара-бара көнүп кетесиз.

Ачууланганда, сизди ким же эмне мындай абалга жеткиргенин байкап жүрүңүз?
Көбүнчө, бизди күйөөбүз жана туугандарыбыз ачуулантышат, бирок күчүбүздү балдардан чыгарабыз. Кантсе да, алар азырынча кайтарым жооп бере алышпайт. Бирок алар чоңойгондо, бул аракеттер сөзсүз таасирин тийгизет. Сизди ким ачуулантса, ачууңузду ошол адамдан чыгарыңыз. 

Балдарга өзүңүздү кандай сезип жана эмне үчүн ушундай мамиле жасап жатканыңызды түшүндүрүңүз. Алар баарын түшүнүшөт. Чогуу отуруп алып үй жыйноо, сабак даярдоо эрежелерин иштеп чыккыла. Ошондо уруш-талаштар жана түшүнбөстүктөр азыраак болот.

"Бактылуу апа - бактылуу балдар" деген алтын эрежени эсиңизден чыгарбаңыз. Сизди эмне бактылуу кылат?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт