Төрт жылдан бери запор болуп келем. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Төрт жылдан бери запор болуп келем. Гемморойум дагы чыгып кеткен. Колонскопияга түшсөм "петлистая сигмовидная кишка" деп диагноз койгон. Эмне кылсам болот?
Урматбек Сыдыков
Проктолог
Саламатсызбы! Биринчиден тез арада ич катууну дарылоо керек. Диетага отуруңуз, туура тамактанып, суунун көлөмүн көбөйтүңүз. Мисалы, күнүнө эки литрден ашык суу ичиңиз. Жашылчаларды, жемиштерди, клетчаткаларды көп колдонуңуз. Ошондо ич катуу басаңдайт. Жыйынтыгында түз ичегиге басым болбой, веналардын кеңейүүсү азаят. Сөзсүз дарыгерге барып көрүнүңүз. Сизди текшербей туруп, бир нерсе деп айта албайбыз.
Ден соолукта болуңуз!
Проктолог Урматбек Сыдыковду инстаграмдагы @proctolog.kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.