// //

Көзгө жасалуучу лазердик операциялар

2018.02.22, 12:58
3780
  • Лазер менен көздүн көрүүсүн, оңдосо болобу? Бизде лазер менен операция жасайбы, болжол менен канча сом болот?

Лазер менен көздүн көрүүсүн оңдосо болот. Эгерде силерде “миопия” деген оору болсо лазердин жардамы менен оңдоп, чел кабыктын бир катарын кесип алып салат. Бирок бул учурда деле сиздеги “миопия” деген оору бар деген жыйынтык менен калат. Дайыма көзөмөлдө болуп, ооруну жеңилдетип, көрүүнү жакшыртса болот. Бизде мындай операцияны жасайт. Болжол менен 70 миң сомдой болот.

  • Интернет айдыңынан ар кандай көз үчүн дарыларды көрдүм, тамчылатуучу, сууга кошуп иче турган. Буларга ишенсе болобу? Сертификаттары бар экен.

Аларга көп ишенүүгө болбойт. Алар өздөрүнүн дарысын өткөрүү үчүн кишилерди алдап акчасын алышат. Менин сунушум интернетте жарыяланган дарыларга ишенип, акчаңарды коротуп албай эле койгула.

  • “Астигматизм” деген көздүн оорусун айыктырса болобу?

Толук бойдон айыктырып коюуга болбойт. Көз айнектин жардамы менен түздөө, көз үчүн көнүгүүлөр, витаминдер жана дайыма көзмөл керек. Сиз бизге кайрылыңыз жардам берүүгө даярбыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт