// //

Өзүмдү кармай албай бир нерселерди сындырып жиберем. Ачуумду кантип токтотом?

2021.04.28, 10:14
1349

Саламатсызбы! Мен 19 жаштамын. Акыркы учурда аябай бат жиним келип, өзүмдү кармай албай бир нерселерди уруп, сындырып жатам. Атам менен да урушуп кетем. Себеби анын тилдегени көңүлүмө катуу тиет. Кээде өлүп алсамбы деп  ойлоном. Апамды кыя албайм. Эмне кылсам болот? Ачуумду кантип токтотом?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.04.2021, 10:19

Асель Суюмбаева

Психолог

Саламатсызбы! "Өзүңүздөн эмне үчүн ачуум келип жатат?" деп сураңыз. Анын  пайда болуусун изилдегенге аракет кылыңыз. Себеби жан дүйнөңүздө тынчтык жок, кабатырланып, тынчсызданып жатасыз. Эгер адам ички дүйнөсүн оңдосо, сырткы дүйнөсү өзү эле оңолот.

Негизи эмоциябызды башкарганды билишибиз керек. Балким маанайыңыз жок болуп, сөз көтөрө албай ачууланып, атаңыз менен урушуп, ызаңызды чыгарып жатасыз. Кырдаалга башкача көз караш менен караңыз.

Ачууңузду жеңүү үчүн спорт менен машыгыңыз. Максат коюп, бир нерсеге умтулуу менен жашаңыз. Каалооңуз жөнүндө көбүрөөк ойлонуп, аны ишке ашыруунун үстүндө жүрүңүз. Ошондо мээңизде ачууланууга убакыт калбай калат.

Китеп менен дос болуңуз. Анткени, достор ар кандай болот, бири кайгыртат, бири кубантат дегендей. Ал эми китеп керектүү учурда акылын айтып, керексиз убакта тизилип тура берет.

Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, психологго кайрылып кеңеш алыңыз. Сурооңузда тактай турчу жагдайлар көп. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт