// //

Ашказаным ооруп баса албай калганда күйөөмдүн ким экенин билдим

2021.04.21, 16:14
18304

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жашоомдогу эң жакшы адам, камкор ата, күйүмдүү жолдош – менин күйөөм. Мен сизге ыраазымын! Бул сөздөрдү өзүңүзгө айта албасам дагы, ар дайым жүрөгүмдө.

Мени көп күттү. Канчалаган сулуу кыздарды чанды. Ал убакта контракта окуган студент элем. Мени окутам деп кыйналат, башкага эле үйлөнсүн деп, жактырганыма карабай качып жүрдүм. Бирок, тагдырдан качып кутула албайт экенсиң. Көп өтпөй баш коштук.

Бактылуу турмушубуз башталды. Ар күнү ал жумушка, мен окуума жөнөйм. Кээде эртең менен кучакташып сүйлөшүп жата берип убакыттын өткөнүн билбей калабыз. Анан шап тура калып шашып жөнөйбүз.

Кайын-журтум ниет кылып сураганымдан эки эсе жакшы. Кайын энем көп келиндердин "мечтасы". Бир дагы жолу катуу сөз айткан жок. Ата-энемен колумду сурап келгенде көп эле жолу баш тартып, жолдоруна салган элем. Ошолорду эстейби десем, жок антпеди.

Кайын энемдин акылмандуулугуна таң калам. Үч уулдун энеси. Эки келинин кызындай көрөт. Эч нерседен кем кылбайт. Кайын эне десе, оюма ажылдаган, кылганыңдан кыр издеген адам келет эле. Жаңылыштым. Мага көп нерсени кайын энем үйрөттү. Балдарына эң жакшы тарбия берген. Кайын энемдин мүнөзү күйөөмө өткөндөй. 

Ошентип, сыноолор башталды. Күйөөмдүн жумушу токтоп калды. =Контрагыма көп акча кетип жатты. Бир да жолу бергенин, окутуп жатканын милдет кылбады. Жаш экенмин, акчасы барбы же жокпу сурабай эле каалаган нерселеримди алдыртып жүрдүм.

Азыр эстесем, күйөөм “жок” деген сөз айтпаптыр. Күйөөмө ыраазымын. Мени колдоп, коргоп, үйрөтүп, сүйүүсүн тартуулагандан чарчабады. Ал адамдагы сабырды эч кимден көргөн эмесмин. Өзгөрбөй ушул бойдон калышын көп айтам.

Мени окутуш үчүн, ичимдеги баланы багыш үчүн эмне гана жумуштарды кылбады. Сыртымдан күлгөнүм менен, ага боорум ооруп, ичимден тызылдайм.

Быйыл кичинекей мамлекетибизге үч жыл болот. Бул аралыкта эки балалуу болдук. Мен балдар менен үйдө. Чыгымдын баары күйөөмдүн мойнунда. Ишенесиңерби, анда дагы кабагын салбай, жок дебей, бизди эч нерседен кем кылган жок. Күндүз иштейт, түндө мага бала каралашат. Меникиндей күйөө чанда кездешет.

Бир күнү ашказаным катуу ооруду. Өйдө тура албайм десеңер. Анын үстүнө кызыбыз жөтөлүп калды. Күйөөм экөөбүзгө тең жетишип жатты. Ошол түн эч качан эсимден кетпейт. Бутумду ысык сууга салып, жууп, массаж жасап, дарыларды ичирди. Ыраазы болуп ыйладым. Караңгыда көзүмдөгү жашты көрбөдү. Үн катпай, буттарымды, ичимди, колдорумду укалап отура берди. Оорум басылбай акыры бейтапканга барып, укол алып келдик. Ал түн биз үчүн өтө узак болду. Мен мындай камкордукту эч бир аялдан уккан эмесмин.

Кемчиликтерим менен сүйдү. Азыр дагы баарына сабыр кылып келе жатат. Жакшы жашоого үмүтүбүз чоң. Аны кызганам, бирок аша чаап чектен чыкпайм. Кызганычтын айынан канчалаган турмуш бузулуп жатат, туурабы?

Сагындым... Атабызды сагындык... Билем, ал дагы бизди сагынып жатат... Себеби ал бизди башкача жакшы көрөт.

Көр-тирилик атасын балдарынан ажыратты. Жумуш жок, үй-бүлөсүн багам, балдарына кең келечек тартуулайм деп Москвага кетти. Кеткенине эми гана бир жума болду. Бул аралыкта мен көп нерселерди түшүндүм.

Мен сизди сүйөм. Сиз суктанган жубай болом, сиз мактанган эне болом. Ушул убакытка чейин мага тартуулаган бактыңызга ыраазымын. Көп нерсени айта алган жокмун. Бирок, сизге болгон тунук сезимдеримди ансыз деле түшүнөсүз деп ойлойм. Мен сизди жакшы көрөм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт