// //

Күйөөм каза болгондон кийин биринчи жолу жөө бастым

2021.04.20, 17:24
4815

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Күйөөмдү “Бөтөшүм” деп экелетер элем. Азыр эстесем бир дагы жолу атынан айтпапмын. “Бөтөшүм, чай ичели”, “Бөтөшүм, көмүр салып кел”, “Бөтөшүм, коноктор күтүп калды” ж.б. Азыр, көз жашымды сүртүп алайын. Эстесем эле минтип токтоно албай калам.

Бөтөшүм абдан боорукер жан эле. Учурда коомубузда болуп жаткан мыкаачылыкты көрбөй эрте кеткенине бир туруп сүйүнөм. Кумурсканы дагы таарынтчу эмес. Актөшүбүз көчө иттери менен талашып аксап келсе, бутун ушалап берип, өзүбүз колдонгон кремди сүйкөчү. Ушундай адам менен жашаганыма сүйүнөм.

Эски сары Жигулисин от алдарып “жүр, сени бир базар айлантып келейинчи” деген сөзүн сагындым. Артына толтура продукт алып анан кайтат элек. Баса, экөөбүз базарга барган сайын бир жерден манты жеген салтыбыз бар болчу. Азыр эч ким андай манты жасабайт. Баягы күнү өзүм барып жеп келдим. Ишенесиңерби, даамы башкача болуп сезилди. Балким, ичине көз жашым түшүп кетти.

Турмушка чыккан күндөн баштап бир дагы жолу жөө баскан жокмун. Жумушума болобу, бейтапканага болобу же жөн эле курбуларыма болобу, Жигулисинин алдына отургузуп алып таштап койчу. “Урматтуу жүргүнчү, бүгүн кандай ыр коелу”,-деп тамашалап, мен суранган чыгарманы издеп калат. Баса, бир жолу самолеттогудай кылып бокалга сок куюп коюптур. Көрүп алып боорум эзилген. “Сен бошогондо чакырсаң келе калам”,-деп жөнөп кетет. Бөтөшүм алтын киши бекен. Азыр, көз жашымды сүртүп алайын.

“Мен өлбөйм, могу мотурайган балдарыбыздан мени көрө аласың. Тигине көзү меники, тигине мурду меники, а тигине чачы меники. Көрдүңбү, ошон үчүн ыйлаба. Болгону мен бөлүнүп кетем, өзүң чогултуп аласың. Пазл болуп калам.”

Бейтапканада жатып ушинтип айтты. А мен ыйлай бердим. Байкушум кыймылдай албай жатса дагы, тыбырчылап мени алаксыта албай турду. Колумду бекем кысып өөп, чачымды жыттап “Бөтөшүң менен бактылуу болгонуң үчүн рахмат” деди дагы узап кетти. Муздаган колун кармаган боюнча кала бердим.

Биринчи жолу базарга жөө басып бардым. Ыйлдым. Бөтөшүм азыр келип калат деп артымды карадым. Аттиң... Жашагым келбей калганда, балдарымды карадым. Чын эле, Бөтөшүм айткандай, биринде көзү, биринде чачы, биринде мурду экен. Белимди бекем буудум дагы, үчөөнү жетелеп алып, алдыга кадам таштадым.

Андан бери көп жыл өттү. Уулдарым менен келиндерим машинасына салып алып ары-бери ташыйт. Бирок, могу жүрөгүм эски сары Жигули менен айдоочусун унута албай койду.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт