// //

Телефонум шыңгырап же билдирүү келсе коркуп кетем. Эмне кылсам болот?

2021.04.20, 11:31
1828

Саламатсызбы! Мен адамдардан коркуп жашайм. Телефонум шыңгырап же билдирүү келсе жүрөгүм катуу согуп коркуп кетем. Эшик тыкылдаса же бирөөнүн үнү чыкса денем калчылдап чыгат. Элге көрүнгүм келбейт. Анткени мени шылдыңдап, бир сырымды сезишкендей көрүнөт. Өзүмдү эң төмөн адам сезем.
Бирок, таанышып, жакын болуп калгандан кийин, кадимкидей эле болом. Бул сүрдөө эмес, өтө катуу коркуу. Ошол учурда өлгүм келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2021, 11:51

Таалай Жакыпов

Психолог

Ар бир адамда коркуу сезимдери болот. Мисалы, тынчсыздануу, бир нерсени баштабай туруп "кантип кылам" же "кылбай эле коёюнчу" деп тартынуу, сүрдөө ж.б. Биз аны кабыл ала билишибиз керек.

Жашоодо жеңе турган коркунучтуу душманыңыз - сиз. Демек, өзүңдүн коркуу, сүрдөө жана башка сезимдериңизди жеңе билишиңиз зарыл. 

Коркуп жүрө берсеңиз бардык мүмкүнчүлүктөн кур каласыз. Алдыңызга чоң тоскоолдук пайда болуп, ооруга чалдыгып, жашоодон үмүтүңүздү үзөсүз. Жашооңуз менен көңүлүңүз тынч болбосо, калган нерселер сизди бактылуу кыла албайт.

Коркууну жеңүү үчүн аракет кылыңыз. Жашоодогу түркүн  көйгөйлөр узакка созулбайт жана турмуш аны менен бүтүп калбайт, улана берет.
Демек, коркуу сезимиңиз күчтүү болуп жатса, анын үстүндө иштеңиз. Мисалы, өзүңүздү башкалар менен салыштыра бербеңиз. Колуңузда болгон нерсеге мактаныңыз. Ар бир адамдын комплекси бар экенин унутпаңыз. Жылмайып жүргөнгө аракет кылыңыз. Кайгыра бербей, кээде бугуңузду ый менен чыгарып алыңыз. Ошондо жеңилдей түшөсүз.

Өзүңүзгө болгон ишенимди арттырыңыз. Мисалы, сырткы көрүнүшүңүздөн уялсаңыз, анда өзгөрүңүз жана өнүгүңүз. Эмнеден корком деп суроо берип тактап алыңыз. Колуңуздан келерин ичиңизден айтып туруңуз. Адамдарга болгон көз карашыңызды өргөртүңүз. Алардан эч нерсеңиз кем эмес. Ар дайым позитивдүү ой жүргүртүңүз.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт