Россиянын жараны болгон күйөөмдөн кантип алимент өндүрөм?
Саламатсызбы! Кызымдын фамилиясы өзүмдүн атымда. Күйөөм Россиянын жараны. ЗАГС алган эмеспиз. Кантип алимент өндүрсөм болот?
Айсулуу Эсенканова
Юрист
Саламатсызбы! Бул үчүн доо арыз менен сотко кайрылыңыз. Арыз атасынын жашаган жери боюнча берилүүсү керек. Эгер жоопкер Россияда турса, өзүңүздүн жашаган жериңизден кайрылыңыз.
Соттон аталыкты аныктатуу үчүн ишенимдүү далилдер (сүрөт, видео, көрсөтмө) керек. ДНК экспертизасын жүргүзө албай калышыңыз мүмкүн. Анткени ДНКнын үлгүлөрүн кызыңыздын атасынан алышыңыз зарыл болот. Ошондой эле, соттон экспертиза жүргүзүүнү суранганда чыгымын төлөөгө туура келет. Аталыкты белгилебей туруп, алимент өндүрүп алуу үчүн сотко кайрыла албайсыз.
Ишиңизге ийгилик!