// //

Адамдар менен сүйлөшсөм демим кысылат. Эмне кылсам болот?

2021.04.14, 14:19
2005

Саламатсызбы! 18 жаштагы жигитмин. Бала кезимден бери адамдар менен сүйлөшкөндө демим кысыла берет. Тааныштар, дос-туугандар шылдыңдап күлүшөт. Бул көйгөйдөн кантип кутулсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.04.2021, 14:28

Таалай Жакыпов

Психолог

Саламатсызбы! Ар бир адам сүрдөйт, болгону, кимдир бирөө аны жеңгенди жана өзүн көзөмөлдөгөндү билет. Айрымдары жеңе албайт, барган сайын чүнчүп, элдин алдында бир нерсе айткандан коркот. Натыйжада сүйлөп жатканда титирейт же деми кысылып кетет.

Мээбиз ушунчалык уникалдуу, бир нерсе боло электе эле аны элестетип, ойлор ар тарапка чачырып кирет. Башкача айтканда, мээ, дене жана адам өзү стресс абалына түшүп калат.

Мисалы, адамдардын алдында сүйлөй албай, демиңиз кысылап, досторуңуздун күлгөнүн элестетип аласыз. Бул абалдан чыгуу үчүн, алаксып, ойду башка нукка буруңуз. Өзүңүздү-өзүңүз тарбиялап, көптөгөн көнүгүүлөрдү жасасаңыз  мындан арыласыз. 

Үнүңүздү катуу чыгарып сүйлөп, китеп окуп, ырларды жаттап жана жатка айтыңыз. Окуган маалыматтарыңыз жөнүндө башка бирөө менен үч мүнөт бөлүшүңүз. Бул көйгөйдү практика жүзүндө, талыкпай иштеп гана жеңе аласыз.

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт