Балама гепатит Б эмдөөсү эки жолу сайылып калды. Эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы! Балам төрөт үйүнөн гепатиттин Б түрүнө эмдөө алган. Үч айында бейтапканага алып бардым. Дарыгер алган эмес белеңер десе, унутуп калып жок деп коюпмун. Ошентип эки жолу алынып калды. Эч нерсе болбойбу?
Бактыгүл Жанкалиева
Педиатр
Кутмандуу күнүңүз менен! Гепатит Бга каршы эмдөө баланын боор оорусуна чалдыгуусунан коргойт. Негизи эле гепатиттин А, В, С, D түрлөрү болот. Мисалы:
- А түрү (сарык оорусу) гигиена сакталбаган учурда жана аба аркылуу жугат.
- Б түрү кан аркылуу жугат, башка түрлөрүнө салыштырмалуу коркунучтуу. Айталы, боордун ооруганын адам сезбей жүрө берет. УЗИге түшкөндө гана билинет.
Ошондуктан гепатиттин Б түрүнө ымыркай жаңы төрөлгөн күнү дароо эмдөө алат. Негизинен бул эмдөөнү үч жолу алыш керек: жаңы алган күндөн баштап бир ай өткөн соң бир жолу, анан беш айдан кийин үчүнчү жолу. Ошондо гана адамдын организминде ооруга туруштук бере турган иммунитет пайда болот.
Эгер балаңыз эки жолу алган болсо, алты айдан кийин дагы эмдеткенди унутпаңыз.
Ден соолукта болуңуз!