Ортого коюлган мантыга колумду сунсам кайын энемдин кабагы бүркөлөт
Мисалы, ортого жалпы табакка манты койдук. Улам колумду сунуп манты алган сайын оозу кыбырап, кареги чоңоюп, кабагы бүркүлө түшөт.
Кир жууп жаткам. Кокустан курбум чалып калды. Сүйлөшүп жатып көзүм тамдын бурчуна илинди. Акырын мойнумду созсом, кайын энем кулагын салып тыңшап жатыптыр. Шпиондор бул жакта эле калат. Ой, тообо!
Бирөөгө күлкү болушу мүмкүн, бирок, тамашасы жок. Эмне кылсам болот? Кайын энеме айтайын дейм, бирок батына албайм. Же күйөөмө айтсамбы?
Адис эмне дейт
Тамара Воронцова, психолог
Кымбаттуум! Эмне кылыш керек деп сурап жатасыз. Батирди ижарага алып болсо да, өзүнчө бөлүнүп жашоо керек! Бул маселени күйөөңүз менен биргеликте отуруп чечүү зарыл. Эгер мүмкүнчүлүк жок болсо, мындай маселелер боло берет, үстүнө жаңылары кошулат.
Кайын энеңизге айтуунун кереги жок - уруш-талаш чыгат. Сизге толук кандуу жооп берүү үчүн жагдайыңызды жакшылап билишим керек. Сиз берген маалымат жетишсиз. Кыязы, кайын энеңиз экөөңөр тең иштебейсиңер, үй жумуштары менен эле алектенесиңер көрүнөт. Сиз баарын жасайсыз, ал көзөмөлдөп, байкап турат. Ал андан башка эмне кыла алат? Кайын энелик милдетин аткарат.
Күйөөңүзгө да даттануунун кереги жок, ал баары бир эч нерсе өзгөртө албайт. Силер бат-баттан кайын энеңизди конокко, саякатка, курортко, ден соолугун чыңдоочу стационарларга жөнөтүп турсаңар болот. Өзүнчө бөлүнүп жашамайын, бул нерсе боло берет.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык
Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым
Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым