// //

Велосипедден жыгылгандан кийин этек кирим келди. Кыздыгым түшүп калдыбы?

2021.04.12, 15:33
1613

Саламатсызбы! Менин этек кирим үч күн келип, анан токтоп калды. Андан бери беш ай өттү. Эмне кылсам болот? Эже, мен бир күнү велосипедден жыгылгам. Алдымы караган эмесмин. Эртең менен турсам этек кирим келиптир. Кыздыгым түшүп калган болобу? Ата-энеме айталбайтам. Баса, жыныс мүчөмдүн тили дагы чыгып калгансыйт. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2021, 15:40

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Этек кириңиз 5 айга чейин кармалса, анда бул олуттуу гормоналдык бузулуулардын белгиси. Сөзсүз дарыгерге көрүнүңүз. 18 жашка толо элек болсоңуз, гинекологдун кабыл алуусуна апаңыз менен келишиңиз керек.

Кыздыгыңыздын бүтүндүгү жана башка өзгөрүүлөр жөнүндө гинекологиялык креслодо, текшерүү учурунда гана так айтууга болот. Бул процедура таптакыр оорутпайт, бир гана экспертиза жүргүзүлөт. Нормадан четтөөлөр болсо, дарылануу курсун жазып беребиз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт