// //

"Домовой" жок жөлөкпулду узартпайбыз деп жатышат. Эмне кылсам болот?

2021.04.12, 15:17
924

Саламатсызбы! Төрт балам бар. Азыркы учурда жөлөкпул алып жатам.
Эки айдан кийин бүтөт. Узарталы десек, "домовой" алгыла, болбосо өткөзбөйбүз",-деп жатышат. Аны алганга каражатыбыз жетпейт. Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2021, 15:21

Мелисбек кызы Жаңыгүл

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  

Саламатсызбы! "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алуу үчүн "домовойдун" эч кандай кереги жок. Жөлөкпул үйдүн бар же жогуна карабай, кайрылган жер боюнча эле чектеле берет. 

Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт