// //

Апам себепсиз уруш чыгарып сиңдимди сабайт. Эмне кылсам болот?

2021.04.12, 10:24
1678

Саламатсызбы! Менин апам эң жакшы адам. Бирок, жумуштан келгенде ар кандай шылтоо табып, уруш чыгарып, сиңдимди сабайт. Ал чоң кыз болуп калган. Эмнеге уруп жатканын сурасак, "тамак жасаган эмес, үй жыйналбаган",- дейт. Үйрөнүп жатканын айтып, сабырдуу болууга чакырсак таарынат. Биз кыжаалат болуп кетебиз. Төркүндөп барсам, мага да таарынат. Өзүмдү кармай албай  урушам. Сүйлөшүүгө чакырсам болбойт. Эмне кылсам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.04.2021, 10:32

Таалай Жакыпов 

Психолог

Саламатсызбы! Себепсиз урушуп жатса, демек,  көңүлү чөгүп, депрессия абалында жүрөт. Ошондой эле, жан дүйнөсү тынч эмес, бир нерседен чочулап, кабатырланууда. Бул убакта энеге жан дүйнөнүн тынчтыгын берүүгө аракет кылуу керек. Мисалы, аны кубантып, жылуу-жумшак сөздөрдү сүйлөп, алаксытууга аракет жасап көргүлө.

Көп учурда, жумуштан же башка маселелерден улам стресс болуп, ичиндеги ачууну сыртка чыгара албай калат. Сүйлөшө турган эч кими жок болсо, ачуусун балдарга кол көтөрүү менен чыгарат. Ошентсе дагы, сиңдиңизге кол көтөрүүсү дагы туура эмес. 

Апаңыз бир нерсе айтып жатканда, аягына чейин угуп, жакын курбусу болгонго аракет кылыңыз. Ал көмүскөдө топтолуп жаткан көйгөйлөрүн бөлүшкөндө жеңилдейт. Эгер айтып жаткан сөзүн бөлүп, "эмне болду", "эмне кылып жатасыз" деген учурда көңүлүнө оор тийиши мүмкүн. Сөзсүз психологго кайрылып кеңеш алгыла. 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт