Күйөөм төшөккө жарыксыз болгондон бери менден качып жүрөт. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин жолдошум ооруп жатат, мындайча айтканда жыныстык катнашка жараксыз болуп калды. "Мен импотент болуп калдым",- деп көп айта баштады жана ичип алат. Жашоодон үмүтүн үзүп койду. Кантип дем берсем болот? Ага жардам берип, колдогум келет, бирок, эмне кылышты билбейм. Психологдон кеңеш алсам болобу? Ал мени менен жатпай, кадимкидей кача баштады. Ойлуу басып жүрөт берет, сүйлөбөйт. Мурдагыдай шайыр эмес.
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Саламатсызбы! Учурда үй-бүлөңүз башынан өтө оор мезгилди кечирип жаткансыйт. Күйөөңүздүн оорусу (катыңызда анын канчалык олуттуу экени жана айыктырса болобу белгисиз калган) анын жашоосуна, өзүн өзү сыйлоо сезимине чоң таасирин тийгизип, аракечтикке алып келип, сексуалдык жашооңорду дагы жабыркатууда.
Азыр ал жеке кризиске кабылды же депрессияга туш болду, балким, адистин кеңеши керек. Сиз ал үчүн бул маселени чече албайсыз, бул анын милдети. Бирок, жолдошуңуздан кандайча жардам бере аларыңызды сурасаңыз болот: колдоо көрсөтүү, адис издөө ж.б. Эгер сизден качып жатса, анда жардам берем деп мажбурлабаңыз. Бул учурда, жеке абалыңызды жана өзүңүз үчүн кандай кадамдарды жана мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатканыңызды түшүнүү пайдалуу.
Сексуалдуулуктун маанилүүлүгүнө карабастан, үй-бүлөдөгү ынтымак жыныстык катнаштан гана көз каранды эмес.
Кандай болгон күндө дагы, өнөктөшүңүз менен ачык сүйлөшүп, сизден эмне күтүп жатканын талкуулап, баарын таразалап, экөөңөрдү тең канааттандырган варианттарды издешиңер керек.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.