// //

Күйөөгө тийгим келбейт, анткени бирөөнүн үйүнө барып жашагандан корком

2021.04.09, 18:06
1926

Саламатсызбы! Мен 25 жаштамын. Медициналык мекемеде эмгектенем. Учурдагы көйгөйүм - бул турмуш куруу. Жашым өткөн сайын көп нерселер жакпай, жашоого болгон көз караштарым өзгөрүп баратат. Эки-үч жылдан бери күйөөгө тийгим келбей калды. Мындан эмне кылсам кутулам? Бирөөнүн үйүнө барып жашоо мага коркунучтай сезилет. Маңдайыма жакшы балдар келди, бирок эч көңүлүм тарткан жок. Бир-эки жолу жолугуп эле жок дедим. Элдин сөзүнөн тажадым. Баары "качан турмушка чыгасың" деп сурай беришет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2021, 18:13

Таалай Жакыпов 

Психолог

Саламатсызбы! Бир чети турмуш куруу көйгөйү деп аныктап алганыңыз жакшы. Эми өзүңүзгө бул суроону берип көрүңүз: Эмне себептен эки-үч жылдан бери турмушка чыккым келбей жатат? Балким, кимдир бирөнүн турмуш кургандан кийинки жашоосундагы ысык-суукту көрүп көңүлүңүз калды. Же бала кезден калыптанган сезимдер болушу мүмкүн. Анткени, ошол убактагы терс көз караш, жан дүйнөдө ишенимдин калыптанышына алып келет.

Биринчи кезекте, ички сезимдериңиз менен ишенимдериңизди тыңшап көрүңүз. Көйгөйдү турмушка чыккыңыз келбегенден же бирөөнүн үйү коркунучтуу сезилгенден эмес, өзүңүздөн издеп, жооп тапканга аракет кылыңыз. Чөйрөңүз жана жан дүйнөңүз тынч алгандай жайгашып, акырындык менен талдоо жүргүзүңүз. Өз алдынча жасоо кыйын болуп баратса, психологко кайрылыңыз!

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт