// //

Боюмда бар, грипп болуп Инсти чай ичип алдым. Зыян эмеспи?

2021.04.09, 11:11
4895

Саламатсызбы! Менин 26 жумалык боюмда бар. Грипп болуп калдым. Инсти чайдын бир пакетин ичип алдым. Эми зыяны жокпу ойлонуп отурам. Эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2021, 11:21

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Кош бойлуу кезде сасык тумоого чалдыгып калсаңыз, Инсти жана Травамакс чайын ичсеңиз болот. Бирок, дары өсүмдүктөрүнө аллергияңыз болбошу керек. Ошондой эле, көбүрөөк жылуу суу ичиңиз. Температура пайда болсо, дары жазып беребиз. Ал үчүн гинекологго кайрылышыңыз керек. Өз алдынча антибиотиктерди ичпеңиз. 

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт