// //

Күйөөмө эмнеге кошуна аялдар келип жатканын кийин түшүндүм

2021.04.08, 17:33
43610

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн экөөбүз базарга түштүк. Ал өзүнө кайчы, тарак анан фен, мен болсо үстүмө куртка алдым. Экөөбүз бирден самсы жеп, үйгө жөнөдүк.

Күйөөм юрист болуп иштейт. Сыртта олуттуу, оор басырыктуу, мындайча айтканда, өзүнчө эле “серьезный” болуп жүрөт. Босогону аттаары менен балдарын жонуна мингизип, бирде кодолек, бирде машинага айланат. Мени кытыгылап жүдөтүп, боорумду эзип күлдүрөт.

Күйөөгө тийгенден бери чач тарачка бара элекмин. Эми бир айда бир жолу маска жасатканы эле барбасам. Үйдө жеке парикмахерим бар, ал күйөөм. Чач кыркканга аябай шыктуу. Ютубдан видеолорду көрүп дал ошондой кылып коет.

- Жаным, мындай кылып кырка аласыңбы?

- Кана, көрсөтчү?

- ...

- Ооба, кылса болот. Азыр кайчыны алып келейин.

Жок дебейт. Тескерисинче жаш баладай сүйүнөт. Тойго баратканда дагы чачымды өзү тармалдап берет. Аяштарыбызга салондон жасаттым деп коем. Көз тийет да, туурабы?

Жумуштан келатсам кошуна эже күйөөм үйдөбү сурады. Жумушта экенин айттым. Үйдө эле болчу, эмнегедир кызганып кеттим. Эшикти ачсам тиги Жокинин аялы чыгып баратат.

- Эмнеге келдиң?

- Күйөөңдөн укук  боюнча бир нерсе сурайын дегем.

- Баары жакшы элеби?

- Жакшы, жакшы.

Маани берген жокмун. Көп өтпөй эки кошуна аял үйүбүздөн чыгып баратканын көрдүм. Анда көчөнүн башында элем, кантип чуркап жеткенимди билбейм. Оюма жаман нерселер келди.

- Алар эмне эле сени сурап калышкан?

- Сага бир нерсе айтайын?

- Ии, айт!

- Чачтарын жасатып кетти.

- Эмне? Кайдан билиптир алар?

- Тиги тентек уулуң айтыптыр, жок дей албадым.

Бир саамга карап турдум дагы, боорум эзилип күлдү.

Биз баш кошуп жатканда бири-бирибизди колдойбуз деп сөз бергенбиз. Мен сөзүмө турдум. Үйүбүздүн бир бөлмөсүн бошотуп чач тарач ачтык. “Запись” менен кабыл алабыз. Дем алыш күндөрү, күйөөм үйдө болгондо. Мен администратормун. Баягыда чогулган акчага балдарга компьютер сатып бердик. Эми өзүбүзгө телефонго топтоп жатабыз.

- Жаным, бүгүн эки кардар келет.

- Рахмат.

- Эмнеге мага рахмат айтып жатасың?

- Мени колдогонуңа. Сүйөм сени.

- Мен дагы.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт