Айылдагы врач "выделенияны" соода менен жуу деди. Бул кооптуу эмеспи?
Саламатсызбы! 35 жумалык боюмда бар. Быштак сыяктуу "выделение" келип жатат, кээде кычыштырат. Айылда жашайм. Бул жердеги врачтар соода суу менен жууп кой дешкен, бирок, эч кандай натыйжа берген жок. Балама жана мага коркунуч туудурбайбы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Өз алдынча дарылануу кооптуу. Бул ыкманы колдонбой эле коюуну сунуштайм, эч кандай жардам бербейт. Кыязы, бул молочница. "Выделение" көп агып келсе, ал кычышуу менен коштолушу мүмкүн. Сизди текшербей, анализдериңизди көрбөй туруп бир нерсе деп так айтуу мүмкүн эмес. Инфекция менен сезгенүүдө дагы ушундай болот. Мазок тапшырыңыз, жакын арада көз жарат дагы экенсиз. Убакытты созбоңуз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.