// //

Кайын энем кийимдеримди кайда ташып жатканын билгенде оозум ачылды

2021.04.04, 16:54
9960

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул үйгө келин болуп келгениме сегиз жыл болду. Жакында кайним үйлөндү. Келинчеги “жеңе кандай кылам” деп кеңеш сурап чалса, өткөндү эстеп жылмаям.  Эх, боорду эзген, ыйлаткан, таң калтырган келиндик доор. Азыр кадимкидей жаңы келин болуп келгенимди сагынам. Сыйкырчы келип артка барууга бир мүмкүнчүлүк берсе, кайын энемди  артынан аңдып барган күндү тандай элем.

Келген коноктордун арты суюлуп, жууй турган идиштер толуп, кара койдун териси өрүктүн багына асылды. Кайын энем эмнелер кайда экенин көрсөтүп коюп сыртка чыгып кетти. Күйөөм от жагып, мен калган эттерди чогултуп куурдак бышырдым. Кечинде өзүбүз “нормальный” отуруп чай ичтик. Ошентип үй-бүлөлүк жашоо башталды. Мен “келин” деген жаңы статуска ээ болдум.

Кайын энем сонун көйнөктөрдү тигип берет. Аларды кийип алып жүрсөм, айылдын секелек кыздары карап суктанат, күйөөм кызганат. “Мынча сулуусуң”,-деп, ата-энеси ары жакта жүргөндө өөп коет. Күн сайын түрлөп кийинем. Өзүмдүн себимдеги кийимдер кайын энемдикинин жанында мындай эле болуп калды.

Бир жолу тойго деп кайын энем шым менен кофта тигип берди. Укмуш сонун тигилген дейсиңер, азыркыга чейин чечпей кием.

Эски кийимдеримди бир-экиден чогултуп таштандыга чыгарып койчумун. Таштанды алып кеткен камаз келгенде таппай калат элем. Ит сүйрөп кеттиби десем жок. Көп жолу ушундай болду, бирок маани деле берген эмесмин. Бир күнү кайын энемди көрүп калбасам.

Шкафымды жыйнап, эски кийимдеримди толтура алып чыктым. Таштандынын жанына коюп, үйгө дагы бир баштык алып чыкканы кирип кеткем. Терезеден карасам кайын энем тиги киймдеримди чогултуп алып кетип калды. Таң калдым. Кайра берки баштыкты алып чыгып, чуркап үйгө кирдим дагы терезеден карадым. Кайын энем эки жагын карап тигини дагы көтөрүп кетип калды. Бул эмнеси?

- Жамал, кызым, Жамал...

- Апа, чакырдыңызбы?

- Мен азыр келем, издебегиле.

- Макул.

Байкасам бир баштык көтөрүп алыптыр. Болду болбоду менин кийимдерим дедим. Кызык, эмне кылат экен? Артынан аңдып жөнөдүм. Дарактарга жашынып кинонун өзүндөгү шпион болдум.

Кайын энем эски бир үйгө келип дарбазасын тыкылдатты. Бир аял чыкты. Аркасынан кийинекей кыздары чуркап келишти. Кайын энем кийимдеримди берип, “менин келинимдей жакшы адам болуп бой жеткиле”,-деди. Беттеринен өөп кайра артка бурулду. Көрсө кайын энем, “кийимдеримди бирөөгө берди”,-деп таарынат болуш керек деп мага айтпай, колунда жокторго берип келчи экен. Көзүмөн жашым акты.

Үйгө башка жол менен жөнөдүм. Баратып кайын энем менен ушунчалык сыймыктандым.

Кайын энем эч өзгөрбөдү. Айылга барып калсак, мага деп тиккен көйнөктөрүн, төшөктүн астына каткан конфеттерин берет. Ар дайым апамдын өмүрүн тилейм. Меникиндей кайын энелер көп болсун!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт