// //

Апамдын бул айтканын кылып, кыялымдагы мырзага жолуктум

2021.04.01, 16:20
6160

Bilesinbi.kg  сайтына рахмат. Көп кызыктуу, сабак алчу окуяларды окуйм. Мен дагы сүйүү баяным менен бөлүшүүнү чечтим. Чыгарбасаңар деле ыраазымын. Анткени, жазып жатып кайра башымдан өткөндөй болду.

Мектепти, андан кийин колледжди ийгиликтүү аяктап, кесибим боюнча жакшы жумушта иштеп жатам. Ата-энем, бир туугандарым сонун адамдар, ар дайым мени колдоп турушат. 

Группалаш кызымдын тоюнда отургам. Апам бир жигиттин сүрөтүн көрсөтүп, менин номеримди сурап жатканын айтты. Дароо баш тарттым.  Унутуп деле калгам, көп өтпөй ал жигит тууралуу таежем айтып калды. "Макул, жакпаса кара тизмеге салып коем" деген ой менен макул болдум. 

Жумушумдан чыгып жатканда бир номер чалды. Үй-бүлөсү, өзү тууралуу айтып жатып, дароо эле "2021-жылы жазда үйлөнөбүз, анан шаарга кетебиз",-деди. Жигиттим барбы же жокбу сурабаганы таң калтырды. Сылык болбойбу деп ачуум келди. Бирок сыр билгизген жокмун. Күндө чалып акыбалымды сурайт. Көп өтпөй жумушума гүлдесте менен мамалак жөнөттү. 

Көрсө, ал мени сүрөттөн көрүп жактырып калыптыр. "Өзү макул болбойт го",- деп, жеңеси аркылуу номеримди сураптыр. 

Бир нерсе болсо мени менен кеңешет, оюмду сурайт, келечектеги пландарын айтат, кайра меникин сурайт. 

Айылыма келерин айтты. Кыштын суук айларында жолуктук. Үйдөн чыгып баратып, "азыр жакпаса, болду, шылтоо айтып сүйлөшпөйм",-дедим. Көчөнүн башында машина турат. Ичинен гүл менен шоколад кармаган жигит түштү. Кудум кинодой. Эмнегедир эски тааанышымдай сезилди. Киного бардык, кафеге кирдик. Мени кайра үйгө таштап, өзү шаарга жөнөп кетти. 

Күндөр өтө берди. Бири-бирибизди жакындан билип, сезимдерибиз ойгонду. Бир күнү апам экөөбүз шаарга бара турган болдук. Ошондо өзү тосуп алып, жете турган жерибизге жеткирип койду.

Апамды эбак эле "апа"деп алган. Уялбай акыбалын сурап, ресторанга тамактандырууга чакырды. Кирип барсак, анын туугандары күтүп жатыптыр. Эки тарап таанышты.

Бир маалда көзүмдү жаап, мени кайдадыр ээрчитип жөнөдү. "Көзүңдү ач!". Ачсам роза гүлдөн жүрөк жасап, мени ортосуна тургузуп, "өмүрлүк жарым болууга макулсуңбу",-деди. Башымды ийкедим. 

Ата-энелерибиз жолугуп той күнүн белгилешти. Кызыгы, ал менин ата-энеме жардам берип, шаардан айылга керектүү нерселерибизди ташышып жүрдү. Сабырдуулугун айткыла, эч милдет кылган жок. 

"Биринчи сүрөтүңдү көргөндө, көзүмө жылуу учурадың. Ошондо мен күткөн сүйүүм экениңди билдим",-деп айтат. 

Менден эки жаш улуу болсо дагы, орду менен сүйлөгөн, максаты бар, оор басырыктуу жигит. Кээде жолдошубуз улуу болсо сыйлайт деп ойлойбуз, жок, адашат экенбиз. Сыйлап кете турган жашынан болбойт экен. Чындап сүйгөн адам сенин күлкүң үчүн баарына даяр болот экен. 

Кичинемде апам "уктар алдында тилек айтып жатсаң ишке ашат",-дейт эле. Келечекте мени сүйгөн, сыйлаган, оюмду баалаган инсанга турмушка чыгам деп айтчумун. Тилегим кабыл болду. 

Жакында той. Жумушумдан шаарга которулам. Сөзсүз максаттарымды ишке ашырам. Артымда мени колдоп, сүйгөн адамым бар. Мен бактылуумун!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт